Президент Садыр Жапаров 25-январда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
«Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Синьюй шаарында көп кабаттуу имараттан чыккан өрттөн адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм», – деп айтылат телеграммада.
Белгилей кетүүчү жагдай, кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы жер титирөөдөн 47дей үй толугу менен кыйрап, алты адам жабыркаган.
Билдирмеге караганда, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Аксу округунда жер титирөөнүн магнитудасы 7,1ге жеткен.
Эске салсак, жер титирөө Кыргызстанда да сезилди. ӨКМдин маалыматына таянсак, түнкү жер титирөө 3 баллдан 6 баллга жеткен. Өлкөдө кыйроолор жана жабыркагандар жок.

















