Президент Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барат.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
“Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барат.
Садыр Жапаровдун жана Россиянын президенти Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин”, анын ичинде “соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү” маселелерди талкуулашат.



















