Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөн күнүнөн баштап, ишмердик чөйрөсүн кеңейтүү менен, өзүнүн өнөктөштүк потенциалын да ийгиликтүү өнүктүрүп, арттырып жатканын белгиледи. Ал Президент Александр Лукашенкону Беларустун Шанхай кызматташтык уюмунун толук укуктуу мүчөсү статусун алгандыгы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы кабыл алынып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун “Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө” демилгеси, ошондой эле ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин “Ынак коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк принциптери жөнүндө” билдирүүсү ШКУнун туруктуу, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн аймагын курууга болгон жалпы умтулуубузду толугу менен чагылдырарын баса белгиледи.

Садыр Жапаров терроризм, киберкоркунучтар жана эл аралык кылмыштуулук сыяктуу учурдагы глобалдык көйгөйлөр кылдат көңүл бурууну жана биргелешип иштөөнү талап кыларын жана Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду түзүү жөнүндө Кыргызстандын сунуштаган демилгеси маанилүү экенин айтты.
Президент өз сөзүндө соода-экономикалык байланыштар маселелеринде өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелер экономикалык глобалдашуу шартында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн туруктуу экономикалык жана финансылык бакубаттуулугунун негиздеринин бири болуп саналарына басым жасады.
Ал ачык экономиканы калыптандыруу жана көп тараптуу соода системасын бекемдөө максатында ШКУнун бардык мейкиндигинде соода тоскоолдуктарын кыскартуу боюнча ишти улантууга чакырды. Садыр Жапаров кыргыз тарап ШКУ Өнүктүрүү банкы жана ШКУ Өнүктүрүү Фонду сыяктуу долбоорлорду каржылоо үчүн атайын институтту түзүү зарылдыгын бир нече жолу белгилегенин эске салды.

Президент Кыргызстан 2025-жылы Бишкек шаарында ШКУ жаштарынын санариптик форумун өткөрүүнү пландап жатканын билдирди.
Ошондой эле Жапаров экологиялык коопсуздук жана туруктуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Тактап айтканда, Кыргызстан тоолуу өлкө катары 2000-жылдардын башынан бери тоо проблемаларына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп келерин айтты. Ал 2027-жылы 2027-жылы Кыргызстанда “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитин, биринчисинен 25 жылдан кийин өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы Регионалдык антитеррордук түзүмдүн аткаруу комитетинин директорлугуна Уларбек Шаршеевдин талапкерлиги колдоого алынганы үчүн баарына ыраазычылык билдирди.
ШКУнун саммити 3-4-июлда “Көп тараптуу диалогду бекемдөө – туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө умтулуу” урааны астында өтүүдө.
Иш-чарага Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия ж. б. мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.
Садыр Жапаров саммиттин алдында Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жекече жолугушууларды өткөрдү.



















