Eurasiatoday
Шейшемби, 24-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

С. Жапаров Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чан Пэн Чжао менен сүйлөштү

  • Экономика
  • 01.09.2025 12:01

Loading

Президент Садыр Жапаров 31-августта Binance ири криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чан Пэн Чжао менен видео-байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал белгилегендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Чан Пэн Чжао Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Садыр Жапаров менен Чан Пэн Чжаонун үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстанда өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү жаатындагы макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тема боюнча

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

23.11.2026

Мамлекет башчысы өлкөдө виртуалдык активдер чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Кыргызстанда виртуалдык активдер жөнүндөгү колдонуудагы мыйзамдар дүйнөлүк рынокто активдүү колдонулган көптөгөн жаңы токендердин түрлөрүн, мисалы, стейблкоиндерди жана реалдуу активдер менен камсыздалган токендерди (RWA) камтыбайт. Буга байланыштуу ал Кыргызстандын реалдуу активдерин токенизациялоо боюнча ишти баштоонун максатка ылайыктуулугун белгиледи.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын Улуттук банкы «санарип сом» долбоору боюнча ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи. Келечекте аны азыр да өнүгүү стадиясында турган жана техникалык иштер жүрүп жаткан KGST стейблкоини менен байланыштырууга болот. Бул аны өлкө ичинде гана эмес, эл аралык төлөмдөр, ыңгайлуу которуулар жана инвестицияларды тартуу үчүн да колдонууга мүмкүндүк берет. Президент CBDC = KGST байланышы санарип сомду кыйла ишенимдүү кылып, аны колдонууга болгон суроо-талапты арттыра турганын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда криптовалюта сабаттуулугун жогорулатууга байланыштуу маселелердин маанилүүлүгүнө, атап айтканда, Binance Academy онлайн курстарын кыргыз жана орус тилдеринде ишке киргизүүгө, ошондой эле Улуттук банктын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү үчүн жана блокчейнди жана криптовалюталар менен иштөөнү үйрөнүүнү каалаган студенттер үчүн Кыргызстандын бир нече жогорку окуу жайларында тренингдерди өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде Чан Пэн Чжао Бинанс Академиясынын базасында Кыргызстандын криптовалюта сабаттуулугун жогорулатуу боюнча билим берүү программаларынын, тренингдерди өткөрүүнүн актуалдуулугун белгиледи. Ал ошондой эле «санарип сом» долбоорун мындан ары да колдоого даярдыгын ырастады. Мындан тышкары Чан Пэн Чжао реалдуу активдерди токенизациялоо боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирди”,-деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар боюнча улуттук кеңештин натыйжалуу ишинин маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле Кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, видео-байланышка Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Ф.Иминов жана Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Африка боюнча аймактык өкүлү К.Хомяков катышты.

Эске салсак, Чан Пэн Чжао Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

23.11.2026
Ирандын ТИМи: Тегеран АКШнын деңиз блокадасына жана санкцияларына каршы чараларды карап жатат

Ирандын ТИМи: Тегеран АКШнын деңиз блокадасына жана санкцияларына каршы чараларды карап жатат

23.11.2026
АКШнын санариптик инфраструктурасында  жаңы мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн 

АКШнын санариптик инфраструктурасында  жаңы мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн 

23.11.2026
Кыргызстан желим баштыктардан баш тартат. Эл жаңы талапка даярбы?

Кыргызстан желим баштыктардан баш тартат. Эл жаңы талапка даярбы?

23.11.2026
ЖМК: Сауд Арабиясы хуситтердин чабуулуна каршы туруу үчүн Украинага, Түштүк Кореяга жана башка өлкөлөргө кайрылууда

ЖМК: Сауд Арабиясы хуситтердин чабуулуна каршы туруу үчүн Украинага, Түштүк Кореяга жана башка өлкөлөргө кайрылууда

23.11.2026
Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы тыгындар: тараптар кандай себептерди аташууда?

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы тыгындар: тараптар кандай себептерди аташууда?

23.11.2026
Эмне үчүн израилдик режим мындан ары Американын  союздашы болбой калды?

Эмне үчүн израилдик режим мындан ары Американын  союздашы болбой калды?

23.11.2026
АКШда 5,5 миңден ашык авиакаттам кармалып же токтотулган

АКШда 5,5 миңден ашык авиакаттам кармалып же токтотулган

23.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.