АКШда 22-ноябрь күнү 5,5 миңден ашык авиакаттам кармалып же токтотулган.
Бул тууралуу бир катар ЖМКлар FlightAware порталынын статистикасына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, АКШнын ичиндеги, ошондой эле өлкөгө келип-кеткен каттамдардын 5,3 миңден ашыгы кармалган. Мындан тышкары, 200дөн ашык авиакаттам токтотулган.
Рейстеринин кармалышы боюнча Delta Air Lines авиакомпаниясы биринчи орунга чыккан. Компаниянын 1,6 миңге жакын каттамы кечиктирилген.
Ошондой эле Нью-Йорктогу «Ла-Гуардия» аэропортунда 700дөн ашык авиакаттам кармалып же токтотулган.
АКШнын бардык аэропортторунда буга чейинки ири масштабдагы үзгүлтүк тууралуу 13-ноябрда маалымдалган. Федералдык авиация башкармалыгынын (FAA) жарыяланган буйругуна ылайык, бардык учактарга кийинки көрсөтмө берилгенге чейин учуп чыгууга уруксат берилген эмес.
Адистештирилген FlightAware порталынын маалыматы боюнча, эртеси күнү АКШда масштабдуу үзгүлтүктүн кесепетинен 15,6 миңден ашык авиакаттам кармалып же токтотулган.
Тактап айтканда, сервистин маалыматына ылайык, АКШнын шаарларынын ортосундагы, ошондой эле өлкөгө келип-кеткен 8 232 авиакаттамдын учушу кечиктирилген. Ал эми дагы 7 423 каттам толугу менен токтотулган.



















