Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турарын айтты.
Президентке пара алууга шектелип кармалган “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Рустам Жокоев тууралуу суроо берилген болчу.
“Башында жакшы эле иштеп келди. Тартип орноп, айдоочулук күбөлүктү оңой менен ала албай калганыңарды сездиңер да.
Мен ого бетер күчөтөлү деп, ал жигитти чакырып: “Сен өзүң таза болсоң, кол алдыңдагылар да таза болот, өзүң таза бол. Айлыгың жашооңо жетпей жатса, демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын”,- деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2000 доллар жардам берип турчумун.
Дароо айта кетейин, менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз.
Эмне үчүн материалдык жардам десеңер, алар өздөрү жетектеген мекемеден уурдабаш үчүн, ошол мекемеде тартип орнотуш үчүн, өзү таза болуш үчүн берип турам. Алардын арасында кечээ камалган “Унаанын” жетекчиси да бар эле”,- деди Президент.



















