Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

С. Жапаров А. Бейшеналиевди коргойбу же…

  • Күндеми
  • 04.04.2024 17:12

Loading

Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ортосундагы чыр боюнча өз пикирин билдирди.

Бул тууралуу мамлекет башчы “Кабар” агенттигине берген маегинде журналисттин төмөндөгүдөй суроосуна:

— Садыр Нургожоевич бул жолу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланыштуу маселелерге токтолсок. Алгачкы эле суроо, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиев президенттин ишенимине кирип алып туура эмес иштерге барып атат дейт. Сиз менен достук мамилеси барбы?

Тема боюнча

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026

— Досум да эмес, “братым-сватым” да эмес. Жөн гана жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кармап жүрөм. “30 жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң” деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып атат. Ага каршылыктар абдан күч экенин барыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп аткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм.

Эгер өздөрү коррупцияга, уурулукка аралашса анда андай министрлерге аёо жок. Көрүп эле жүрбөйсүңөрбү. Эгер уюган коррупцияны, уюган уурулукту жок кылуу үчүн күрөшүп жаткан министрлердин баарын туш-туштан талап жей берсек, эртең эч бир министр иш кылбай коёт. Эптеп күн өткөрмөй башталат. “Тигил менен жаман көрүшпөй эле коеюн, муну менен жаман көрүшпөй эле коеюн” деген позицияга өтүп алып, эптеп убакыт өткөрүп жүрө бергендерди көрүп калбадыкпы. Убакыт күтпөйт. Тез-тез иштешибиз керек.

Бир эле жактуу болбой эки жакты тең карайбыз. Эгер депутат айткан фактылар аныкталса сөзсүз жазалайбыз”,- деп жооп берген.

Эл өкүлү Парламентте айткан сөзүндө А. Бейшеналиев “Алтын балалык” реаблитациялык борборуна бөлүнгөн акчанын да жарымын жеп койгондугун айткан. Бул боюнча да аталган агенттиктин:

— Парламент депутаты Алымкадыр Бейшеналиевди бир катар мыйзам бузууларга айыптады. Анын бири “Алтын балалык” реабилитациялык борборун ишке киргизүүгө байланыштуу. Бул борборду ишке киргизүү тапшырмасын өзүңүз берип, анын ачылышына да катыштыңыз эле. Курулуш иштеринен кабар алып турсаңыз керек? Депутат Жусупбек Коргонбай уулу айткандай бөлүнгөн каражаттын тең жарымы желип кетиши мүмкүнбү?”,- деген суроосуна мындайча жооп кайтарган:

— Муну да текшерип көрүшсүн. Депутаттык комиссия түзүшкөн турбайбы. Өз көздөрү менен көрүп келишсин. Бирок мен бир нерсени айтып коюшум керек. Мен кызматка келгенде биринчи жолу барып көргөнүмдө имараттын сөлөкөтү (каркасы) эле турган. Бизнесмендерден “Толук бүтүргөнгө жардам бергиле” деп жардам сурагам. Ал убакта мамлекетте акча жок эле да. Алар эсептеп чыгып, аягына чейин бүтүрүш үчүн 15 млн доллар (1,5 миллиард сом) болот экен, биздин күчүбүз жетпейт деп келишкен. Себеби жалпы аянты 28 миң чарчы метрди түзөт. Анда өзүбүз эле эптеп бир нерсе кылып бүтүрөлү деп марафон уюштурганбыз. Элден 58 млн сом түшкөн. “Кумтөр” 200 млн сом берген. Эпид. фонд 33 млн сом берген. Бардыгы болуп 291 млн сом берилген. Эгер депутат айткандай ушул акчадан жеп койгону аныкталса жазалайбыз, төлөтөбүз. Биз бир дагы министрди коррупциясы же уурулугу үчүн коргогон эмеспиз жана коргобойбуз. Буга чейин канчалаган министрлер кетишти. Канчасы камалып чыкты көрүп эле атпайсыңарбы”.

 Эл өкүлү андан тышкары министрдин ондогон элиталык делген батирлери, эбегейсиз байлыгы бар экенин да айтып, ал турсун Дубайда, Түркияда дагы үйлөрү бар экендигин айткан. Бул жагдай тууралуу С. Жапаров мындай деген:

— Текшерип көрүшсүн. Качан алган? Кайсы акчага алган баарын текшерип көрүшсүн. Эгер акыркы үч жылда алган болсо, анда конфискация кылабыз, жазалайбыз. Себеби 2020-жылга чейин мен билгенден Алымкадыр Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда батирлери жок болчу.

Белгилей кетүүчү жагдай, Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо министринин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Алымкадыр БейшеналиевкоррупцияС. Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

«Олуттуу белги»: Токаев «Самрук-Казына» жана КТЖдагы коррупцияга байланыштуу билдирүү жасады

«Олуттуу белги»: Токаев «Самрук-Казына» жана КТЖдагы коррупцияга байланыштуу билдирүү жасады

13.11.2026
Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян камакка алынды

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян камакка алынды

28.08.2026
С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026
 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

24.07.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
Кытай армиясында коррупцияга каршы кеңири масштабдагы тазалоо жүрүп жатат

Кытай армиясында коррупцияга каршы кеңири масштабдагы тазалоо жүрүп жатат

10.07.2026
Эсеп палатасынын инспектору 900 миң сом пара алган

Эсеп палатасынын инспектору 900 миң сом пара алган

29.06.2026
Ж. Баласагын атындагы КУУда бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылган менеджер кармалды

Ж. Баласагын атындагы КУУда бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылган менеджер кармалды

25.06.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
212 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.