Россия Ирандагы мечитке кол салууну кескин айыптап, террорчулукка каршы күрөшүү жаатында ирандык өнөктөштөр менен кызматташууну мындан ары да күчөтүүгө даяр экенин ырастады.
Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлиги билдирди.
“Россия тарап варвардык террордук чабуулду чечкиндүү түрдө айыптайт. Кылмышка күнөөлүүлөр жазасын алат деп ишенебиз”, — деп айтылат маалыматта.
Министрлик террордук чабуулда каза болгондордун жакындарына көнүл айтты.
Ведомство каза болгондордун арасында россиялык жарандар жок экенин кошмчалады.
“Ирандык өнөктөштөр менен антитеррордук чөйрөдө кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенибизди ырастайбыз”, – деп белгиленет Россиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
13-августта Ирандын Шираз шаарындагы “Шах Черах” мечитине куралчан эки террорчу кол салып, анын кесепетинен эки адам набыт болуп, сегизи жаракат алды. Кылмышкердин бири дароо кармалып, экинчиси из жашырып кеткен.
Буга чейин Ирандын Фарс провинциясынын башкы соту колго түшүрүлгөн негизги террорчу Тажикстандын жараны экенин жана террордук окуяга тиешеси бар деп шектелген дагы 8 киши кармалганын билдирген.
“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, кол салуу жоопкерчилигин “Ислам мамлекети”* террордук тобу өзүнө алды.