Бурятиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын 90у — балдар.
Улан-Удэ шаарында “Восток” компаниясынын даяр азыктарынан ууланган адамдардын саны 159га чейин өстү, алардын ичинен 90ы – балдар. Бул тууралуу маалыматты Бурятиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
«23-октябрдагы абал боюнча 159 учур катталды, анын 90ы — балдар. Республикадагы клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 82 адам дарыланууда, алардын 51и — балдар», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Алгачкы жабыркагандар 18-октябрдын кечинде уулануу белгилери менен дарыгерлерге кайрыла башташкан. Алар мындан бир аз мурдараак “Николаевский” дүкөндөрүнөн сатып алынган “Восток” компаниясынын даяр тамактарын жегендиги белгилүү болду.
Роспотребнадзордун Бурятия боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган ишкананын даяр тамак чыгарган цехинде санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин одоно бузулушу аныкталган. Улан-Удэ шаарынын Темир жол райондук соту “Восток” компаниясынын ишин 90 суткага токтотуу чечимин чыгарды.
Окуя боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 1-бөлүгү (“Жашоонун же ден соолуктун коопсуздугуна жооп бербеген товарларды же продукцияны өндүрүү жана сатуу”) боюнча кылмыш иши козголду. Даяр тамак чыгаруу цехинин жетекчиси кармалды.












