Стамбулда полиция 11 адамдын өмүрүн алган жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен Түркмөнстандын эки жаранын кармаганын мамлекеттик “Анадолу” агенттиги билдирди.
Маалыматк караганда, акыркы суткада шаарда 11 адам, анын ичинде чет элдик жарандар жасалма алкоголдук ичимдиктин курмандыгы болуп, жалпысынан 38 жаран ооруканага кайрылган.
Каза болгондордун бешөө Өзбекстандын жарандары болгонун Республиканын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирди.
Полиция жасалма спирт ичимдиктерин Стамбулдун батыш тарабындагы Зия Гөкалп районунда түркмөн жарандары Агазхан О. и Амангюль Д.лар тарабынан сатылгандыгын аныктап, шектүүлөр кармалды.
Маалым болгондой, алар жакын жердеги батирде спирт ичимдиктерин өндүрүүнү уюштуруп, ал жерден укук коргоо кызматкерлери тарабынан тинтүү учурунда 50 литр жасалма алкоголдук ичимдиктерди, баңгизат, дары-дармектерди жана жасалма документтер алынган.
Күчүкчекмече райондук прокуратурасы тарабынан иликтөө иштерин баштап, кармалгандарга карата шалаакылыктан адам өлүмүнө алып келген, жасалма алкоголдук ичимдиктерди жасап сатуу, жасалма документтерди жасоо жана башка беренелер боюнча айып тагылды.
Алкоголдук ичимдиктерге ууланган жарандар 2024-жылдын ноябрь айынын аягында Стамбулдун ооруканаларына кайрыла башташкан жана 2025-жылдын башында кеминде 37 адам каза болгон.
Буга чейин да полиция жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана жайылтуу менен алектенген жалпысынан 36 шектүүнү кармап, алардын 14ү камакка алынган. Миңден ашык дүкөндөрдө жана мекемелерде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 287 тоннадан ашык контрафакттык алкогол конфискацияланган.



















