Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргендигин МинКабдын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйынды төрага Адылбек Касымалиев жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук алып барып, Россиянын лидери Путиндин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуусу белгилүү болду.
Жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы А. Касымалиев бул жыйындын өткөрүлүшү, эки өлкөнүн көптөн бери келе жаткан достук салттарына, тарыхый жакындыкка жана жогорку деңгээлдеги өз ара түшүнүшүүгө негизделген эки тараптуу мамилелердин туруктуу өнүгүүсүнүн айкындыгынын далили деген пикирин билдирди.
“Биздин өлкөлөрдүн лидерлери Садыр Жапаров жана Владимир Путин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин прогрессивдүү өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн туура кадам жасап жатышат”,- деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.
Белгиленгендей, ал Россия Федерациясынын президенти Путиндин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн боло турган сапарына чоң маани берилип жаткандыгына токтолду.
Тараптардын жолугушуусунда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтык эки тараптуу мамилелеринин структурасында салттуу түрдө борбордук орунду ээлей тургандыгы айтылган.
Россия Федерациясы Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнүн катарына ырааттуу түрдө ээ болуп, өткөн жылы биздин өлкөнүн тышкы соодасынын 22%ын түздү.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 миллиард долларды (3,9 миллиард долларын) түзгөн.

“Биздин өлкөлөр ортосундагы бирдиктүү санариптик соода инфраструктурасын өнүктүрүү чакан жана орто бизнес үчүн рынокко жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, өсүштүн жаңы драйвери боло алат”,-деди ал.
Соода-экономикалык, технологиялык, транспорттук жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча механизмдер ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ сыяктуу интеграциялык бирикмелер аркылуу дагы каралган.
Кошумчалай кетсек, Владимир Путин 2025-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга иш сапары менен келери айтылган. Бул сапар ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн пландалып, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты бекемдөө боюнча тапшырмалардын аткарылышына көңүл бурулары күтүлүүдө.
Мындан тышкары, ЖККУ, ЕАЭС, КМШ жана ШКУ алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттешүүсү тереңдетилет деген ишенимди бекемдейт.

















