11-майга караган түнү Белгород облусунун айрым кыштактары украин аскерлери тарабынан аткыланып, натыйжада сегиз адам жарадар болду. Аймактын губернатору Вячеслав Гладковдун акыркы маалыматтарына караганда Белгород районунун аймактарына учкучсуз учактар менен кол салуулар болуп жаткандыгын билдирди.
Губернатордун аймынада ок-дарынын чачырандысы тийген беш адам ооруканага жеткирилип, андан тышкары үч адамга жеринен медициналык жардам көрсөтүлгөн. 45ке жакын үйлөрдүн айнектери, чатыры, дубалдарына чейин кыйраган. Мындан тышкары автоунааларга да зыян келтирилген. Ошол эле учурда Гора-Подал, Козинка, Глотова, Заречье жана Безмено жалпысынан 5 айыл электр жарыгысыз калган.
Ушул эле түнү Курскиге да эки дрон чабуул койгонун облус губернатору Роман Старовойт маалымдады. Анын сөзүнө караганда, дрондордун бири сарайдын жанына кулап, үйлөрдүн айнектерин талкалаган.
Ал эми Россиянын Коргоо министрлиги түндө Белгород облусунун аймагында 9 дрон жана 21 реактивдүү снарядды жок кылынганын, ал эми Курск жана Волгоград облустарынын үстүнөн жети дрон атып түшүрүлгөнүн расмий билдирди.
Буга чейин 9-майга караган түнү да Белгороддун айрым аймактарына чабуул жасалганы кабарланган.
Белгилей кетсек, Россия Украинада атайын аскердик операциясын баштагандан бери Белгород облусу Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан такай аткылоого жана учкучсуз учактардын чабуулдарына кабылып келет.

















