“Москва облусундагы азербайжандардын аймактык улуттук-маданий автономиясы” коомдук уюмунун жетекчиси Эльшан Ибрагимов Россиядан Азербайжанга депортатцияланды. Ал азербайжан диаспорасын 2018-жылдан бери жетектеп келген. Анын буга чейин орус жарандыгынан ажыратылганы кабарланган.
Бул маалыматты РБК басылмасы өзүнүн ишенимдүү булагына таянып жазды.
“Тилекке каршы, Эльшан Ибрагимов чындап эле Орусиянын аймагынан кетүүгө аргасыз”,- деп айтылат маалыматта.
Эльшан Ибрагимов Россияда 30 жылдан бери жашап келген жана Москва облусундагы азербайжандардын улуттук-маданий автономиясын жетектеп жүргөн. Андан сырткары 2018-жылдагы шайлоодо губернатор Андрей Воробьевдин ишенимдүү адамы болгон. Ага карабастан 18-июнда “Россия Федерациясынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген аракеттерди жасаганы үчүн” жарандыгынан ажыратылган.
Белгиленгендей, Ибрагимовдун депортацияланышы жана жарандыктан ажыратылышы орус-азербайжан мамилелеринин олуттуу начарлашынын негизинде болууда.
Эскерте кетсек, 27-июнда Екатеринбургда 2001-2020-2011-жылдары жасалган адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен Россиянын жарандыгын алган ондогон азербайжандык жарандар кармалган. Тергөө учурунда эки шектүү адам каза болуп, алардын бири жүрөк оорусунан набыт болгонун өлкөнүн тергөө комитети билдирген.
Ал эми Баку алардын алган жаракаттарынан улам көз жумганын айтууда.
Бул окуядан кийин Бакудагы сот Sputnik агенттигинин жети журналистин кармап, алардын ичинен Азербейжандын жарандагы бар беш кызматкерди бошотуп, эки журналитти 4 айга камакта калтырган. Аларга “россиялыктардан турган уюшкан кылмыштуу топ баңгизат ташыган” деген айып коюлган.
Болуп өткөн окуялардан соң эки өлкөнүн дипломатиялык тиреши уланып, Москва менен Баку бири-бирине нааразылык нотасын тапшырган.
4-июлда Азербейжанда өткөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 17-саммитинде катышкан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тараптарды сабырдуулукка чакырганын билдирген.
Анын айтымына караганда, бул маселени азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев менен талкуулаганын “Анадолу” агенттиги жазган.
“Түркиянын Азербайжан менен да, Россия менен да терең дипломатиялык жана стратегиялык карым-катнаштыгы бар. Биз чыңалууну жакындан байкап жатабыз жана эки өлкөнү сабырдуулукка чакырабыз”, – деген Эрдоган журналисттерге жооп берип жатып.
Ал дипломатиялык чыңалууну басаңдата турган билдирүүлөр аркылуу маселе жөнөкөй жана акылмандык менен чечилерине ишеним артып, эки өлкөнүн мамилесиндеги терс көрүнүштөр мүмкүн болушунча эртерээк токтойт деген үмүтүн билдирген.


















