Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Москвага жарым кылымдан берки рекорддук көлөмдө кар жаады

  • Россия
  • 12.01.2026 15:24

Loading

Москвада рекорддук кар жаады: мындай көрүнүш жарым кылымдан бери болгон эмес.

«Фрэнсис» циклонунун айынан январь айындагы жаан-чачындын дээрлик жарымы түштү.

«Фрэнсис» циклонунун кесепетинен Москвага жааган кар акыркы 50 жылдагы эң күчтүүсү болду. Бир сутканын ичинде борбор калаада суу эквивалентинде 22 мм жаан-чачын түштү — бул январь айындагы орточо айлык норманын 42 пайызына туура келет, деп жазат РБК.

Тема боюнча

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026

«Фобос» аба ырайы борборунун алдыңкы адиси Евгений Тишковец билдиргендей, бул жолку кар жаашы 1976-жылдын январындагы көрсөткүчтөн (ал кезде 12,9 мм жаан-чачын катталган) кыйла ашып өтүп, акыркы 50 жылдагы жаңы рекордду жаратты.

Байкоолордун бүт тарыхындагы абсолюттук максимумга жетиш үчүн болгону 1 мм жетишпей калды — 1970-жылдын январындагы рекорд алиге чейин бузулган жок.

«Чынында, кыштын чок ортосунда мындай кар коллапсын Москва 56 жылдан бери көрө элек», — деп белгиледи синоптик.

Бир сутканын ичинде Москвада кар катмарынын орточо бийиктиги 23 см.ге, Внуководо 32 см.ге, ал эми Долгопрудныйда 33 см.ге жогорулады. Бул шаарда айлык норманын 60 пайызынан ашык жаан-чачын түштү.

Москва облусунда бул кышта биринчи жолу кар күрткүлөрүнүн бийиктиги жарым метрден ашты: Черусти айылында 51 см. кар катталды. Балчуг районунда кар күрткүлөрү 39 смге жетип, бул жылдын ушул мезгили үчүн климаттык нормадан бир жарым эсе жогору болду.

Тишковец ошондой эле дем алыш күндөрү борбордо абанын температурасы төмөндөп, жаан-чачындын интенсивдүүлүгү азаярын билдирди — болгону 1 мм.ден ашпаган жеңил кар күтүлөт.

Бирок дүйшөмбү күнү, 12-январда, Борбордук Россияга түштүктөн жаңы циклон келет. Ал 2 мм.ден 7 мм.ге чейин жаан-чачын алып келиши мүмкүн.

«Ошентип, коммуналдык кызматтар менен Москва жана облус тургундарынын стихиянын кесепеттерин жоюу үчүн болжол менен эки сутка убактысы бар», — деп жыйынтыктады синоптик.

Шереметьево аэропортунда кардын айынан коллапс болду

Ошол эле учурда катуу кар жаашынан улам Шереметьево аэропортунда транспорттук коллапс жаралды: айрым каттамдар токтотулуп, жүзгө жакын рейс кечигип, жүргүнчүлөр жүктөрүн узак убакыт күтүүгө аргасыз болушту, деп жазат Медуза.

9-январдын кечинен тарта аэропорттун келүү зонасында миңдеген жүргүнчүлөр топтолду. Жүк күтүп, адамдар отургучтарды, кафелерди жана дүкөндөрдү ээлешти, ал эми орун калбай калганда — түз эле полго, тепкичтерге жана өтмөктөргө отурушту. «Аэрофлот» жана «Россия» авиакомпанияларынын жүргүнчүлөрүнө жүктү үйүнө чейин жеткирүү кызматы сунушталды.

Жүргүнчүлөр ошондой эле «Аэрофлоттун» өкүлдөрү тарабынан дээрлик эч кандай жардам көрсөтүлбөгөнүн айтышты. Алардын айтымында, авиакомпаниянын кызматкерлери маалымат бербей, болгону «күтүңүздөр» деп жооп беришкен.

«Адамдар менен эч кандай иш жүргүзүлгөн жок. Бизди эч ким тынчтандырган жок, эч нерсе түшүндүрүлгөн жок жана эч нерсе убада кылынган жок», — деди Бангкок — Москва каттамынын жүргүнчүсү Юлия.

Baza телеграм-каналы билдиргендей, аэропорттогу жүк издөө пункту Росгвардиянын кызматкерлери менен күчөтүлгөн. Ошондой эле каналдын маалыматына караганда, Шереметьеводо жүргүнчүлөр менен аэропорт кызматкерлеринин ортосунда түртүшүүлөр да болгон.

10-январга караган түнү Шереметьевонун басма сөз кызматы аэропорттун каттамдарды кабыл алуусу убактылуу токтотулганын билдирди — алгач саат 8:00гө чейин, кийинчерээк чектөөлөр 10:00гө чейин узартылды.

Саат 11:52де аэропорттун телеграм-каналында иш толук калыбына келтирилгени тууралуу билдирүү жарыяланды: аэропорт ачык, каттамдар жаңыртылган график боюнча аткарылууда, жүктөр толугу менен берилди, жүк берүү аймагында жүргүнчүлөрдүн топтолушу жок.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: каркышМоскваРоссия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026
Чексиз космос: Россия башка өлкөлөрдү жаңы орбиталык станцияны түзүүгө катышууга чакырды

Чексиз космос: Россия башка өлкөлөрдү жаңы орбиталык станцияны түзүүгө катышууга чакырды

14.11.2026
Генерал-майор Резаи: Байытылган ядролук материалдар Ирандан чыгарылбайт

Генерал-майор Резаи: Байытылган ядролук материалдар Ирандан чыгарылбайт

13.11.2026
Орусиялык эксперт: Каспий деңизине чектеш мамлекеттер АКШнын бул аймактын иштерине кийлигишүүсүнө жол бербеши керек

Орусиялык эксперт: Каспий деңизине чектеш мамлекеттер АКШнын бул аймактын иштерине кийлигишүүсүнө жол бербеши керек

13.11.2026
Ирандын элчиси Пезешкиандын Орусияга боло турган сапарынын программасы тууралуу кеңири айтып берди

Ирандын элчиси Пезешкиандын Орусияга боло турган сапарынын программасы тууралуу кеңири айтып берди

26.10.2026
ЖККУнун башкы катчысы Ирандын элчиси менен жолугушту: тараптар эмнелерди талкуулашты?

ЖККУнун башкы катчысы Ирандын элчиси менен жолугушту: тараптар эмнелерди талкуулашты?

23.10.2026
Р. Умбеталиев: “Кыш каттуу болсо, кошуна өлкөлөр убада кылган электр энергиясын бербей коюшу мүмкүн”

Р. Умбеталиев: “Кыш каттуу болсо, кошуна өлкөлөр убада кылган электр энергиясын бербей коюшу мүмкүн”

22.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
217 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.