Бүгүн, 10-сентябрдан баштап Россиянын президентинин өлкөдө жүрүү укугунан ажыраган чет элдиктерге укуктук статусун жөнгө салууга уруксат берген жарлыгы аяктады. Мындан ары мыйзамсыз мигранттардын айрым укуктарын, анын ичинде келечекте бул өлкөгө кирүү укугун чектөө чаралары көрүлөт.
Бул тууралуу Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып ТАСС агенттиги жазды.
“11-сентябрдан тарта чет элдик жарандарга Россиянын аймагынан чыгарылганга чейин айрым укуктарды, анын ичинде келечекте өлкөгө кирүүсүн чектөө боюнча мыйзамда каралган бардык чаралар колдонулат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, министрлик бул жашоого уруксат алуу мүмкүнчүлүгү бар бардык чет элдиктерге, анын ичинде Украинада туруктуу каттоосу бар болсо дароо Россиянын жарандыгын алуу үчүн кайрылган украин жарандарына да тиешелүү.
“Чет элдик мыйзам бузгандарга никени каттоого жана ажырашууга арыз берүүгө тыюу салынат. Алар балдарын бала бакчага, билим берүү мекемелерине киргизе албайт, унаа айдай албайт жана ар бир адамдын күнүмдүк турмушунда зарыл болгон башка кызматтарды ала албайт”,- деп кошумчаланган.
Мындан тышкары, чет элдик мыйзам бузуучулар статусун жөнгө салуу үчүн алардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча министрликтин паспорттук-визалык борборуна же анын аймактык органдарынын жакынкы миграция бөлүмүнө кайрыла алышары эскертилген.
Ал эми Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасынын алдындагы Миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Улан Ногойбаевдин “Биринчи радионун” түз эфиринде билдиргендей, 10-сентябрь кыргызстандыктар үчүн Россиядагы миграциялык статусун өлкөдөн чыкпастан жөнгө сала ала турган акыркы күн. Анын айтымына караганда, бул мүмкүнчүлүк эми болбойт.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге биздин жарандардын Россиянын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн белгиленген мөөнөттү узартуу өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон. Мындан улам бул мөөнөт 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылган.
Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Россиянын аймагында 337 миң кыргызстандыктар бар.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 1-сентябрынан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн “Амина” атайын мобилдик тиркемесин милдеттүү түрдө колдонуу киргизилди.
Бул тиркеме Москва шаарынын көп функционалдуу миграциялык борборунун (“Сахарово” МКК) дареги боюнча каттоодон өтүүгө жана жашаган жери боюнча ички иштер органдарына аралыктан билдирүү мүмкүнчүлүгүн берери кабарланган.

















