Орусияда 2025-жылдын 1-январынан тартып чет өлкөлүктөрдүн убактылуу жүрүү мөөнөтүн жыл ичинде 180 суткадан 90 суткага чейин кыскартууну караган эреже күчүнө кире турганы маалым болду.
Бул ченемдер Россиянын аймагында тиешелүү уруксат документтери жок жүргөн чет өлкөлүктөргө жана анын ичинде кыргызстандыктарга да тиешелүү болгондуктан Орусиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Кубанычбек Осмонбековго бир катар суроолор менен кайрылдык.
-Кубанычбек Бекболотович, Орусияда жаңы кабыл алган мыйзамына ылайык, аталган өлкөгө барган борбор азиялык мигранттардын саны кыскарышы мүмкүнбү?
– Орусияда мигранттардын саны мурдагыга салыштырмалуу азыр эле кыскара баштады. Буга чейин биз Орусияда бир миллионго чейинки жарандарыбыз эмгектенип жүрөт деп айтып келсек, акыркы статистика боюнча 366 миң Кыргызстандын жараны Орусия Федерациясында эмгектенүүчү катарында катоого турган.
Андан тышкары болжол менен 200дөн, 220 миңге чейин Кыргызстандын мурдагы жарандары Орусиянын жарандыгын алышкан. Ошондо орточо эсеп менен баш-аягы 600 миңдин тегерегиндеги биздин жарандар эмгектенип жүрүшөт. Буга акыркы учурдагы миграция жаатындагы болгон өзгөрүүлөр өзүнүн таасирин тийгизди. Ошол себептен биздин жарандардын саны кескин кыскарды, мындан ары да кыскарышы күтүлүүдө. Анткени, 2025-жылдан баштап бир нече мыйзамдар катары менен күчүнө кирип жатат. Мына ушунун негизинде кыргызстандыктар өлкөдөн чыгарылышы же депортация болушу мүмкүн. Же мыйзам чегиндеги талап кылынган документтердин топтомун ишке ашыра албай, өлкөдөн өз эрки менен чыгышына туура келет.
-Ал эми Орусиянын тергөө абактарында отурган жарандарыбыздын маселелси кандай чечилиши күтүлүүдө?
-Азыркы учурда 1200дөн ашуун биздин жарандар Орусиянын түрмөлөрүндо отурушат. Алар ар кандай жаза кодексинин беренелери менен айыптуу деп табылган. Октябрь айында биздин Тышкы иштер министрлигибиз, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен биргеликте 80ден ашык жарандарыбызды Кыргызстанга экстрадиция аркылуу кайтарды. Ал эми, абактарда отурган калган жарандарыбызды да аталган министрлик кайтаруу үчүн иш чараларды жүргузүп жатат.
– Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк жаран белгиленген милдеттерин бир нече жолу эки же андан көп жолу аткарбаса депортацияланат же атайын мекемеге жайгаштырылат деген пункттары бар экен. Муну мобилизацияга кириптер болушу мүмкүн деп түшөнсөк болобу?
-Бир, эки же андан көп админстративдик укук бузуу болсо, бул депортациялоо же кара тизмеге кирет деген мыйзам мурда эле бар болчу.
Үчөөнүн айырмачылыгын айтып өтөйүн, депортация- бул мажбур турдө болгодуктан чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармоочу атайын мекемелерде кармалат.
Чыгаруу (выдворение) – бул соттун чечими чыккандан кийинки процесс. Мында жарандын колуна протокол түзүлгөндөн кийин аны карматып, он күндүн ичинде өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө уруксат берет.
Ал эми үчүнчүсү кара тизме. Жаран кара тизмеге киргенин өзү да билбей калышы мүмкүн. Анткени ички иштер министрлиги эки же андан көп административдик айып салынып, анын ичинде миграциялык каттоого турбаган жаранды автоматтык түрдө кара тизмеге киргизип кое алат. Жаран муну мекенине барып, кайра кайтканда билген учурлар арбын.
Мындан тышкары Мигрант.kg деген сайт бар, ал жерде статистика ар бир 3, 4 айда бир жолудан жаңыланып тургандыктан, кээ бир мекендештердин аты-жөнү ал сайтка илинбей калат.
Бирок, административдик тартипти бузган жарандарды мобилизация катары мажбур түрдө алып кете албайт. Себеби биз чет элдин жараныбыз.
Эскерте кетүүчү маселе, эгерде өз ыктыяры менен контрактын негизинде каалоосу менен барган жарандарды жана түрмөлөрдөн да алып кетиши ыктымал. Анткени түрмөдө отургандар үчүн башка да жолдору каралган. Эгерде атайын согуш операциясына катышсаң түрмөдөн бошототуласың деген да учурлары бар экендиги талашсыз.
Ошентсе да административдик айып менен көчөдөн кармап алып туруп, андан ары согушка алып кеткен учурлар сейрек кездешет. Анткени ар бир полиция кызматкерлери чет элдик жаранды кармагандан кийин колуна тааныштыруу баракчасын берет. Мигрант ал баракчага тааныштым деп кол коюп бериши керек.
Айрым учурда кээ бир жарандарыбыз муну контрак деп түшүнүп, корккон учурлар бар. Ал тааныштыруу баракчасы, полиция тарабынан коюлган талаптар. Негизи, полиция кызматы чет элдик жарандарды гана эмес, өздөрүнүн жарандарына да бул баракчасын берип, кол койдурушу шарт. Себеби устав ушундай.
Ошондуктан жарандар өз ыктыяры менен келишимдин негизинде эле согушка барбаса, мажбурлоо менен алып кете албайт.
-Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева.



















