Бүгүн, 10-апрелде РФнын Амур облусунда мигранттардын балдарынын орус тилин билүү деңгээлин текшерүүнүн алгачкы сынагы өттү.
Сынак Түркия, Тажикстан жана Грузиядан келген башталгыч класстын алты окуучусу үчүн болду.
Шарт боюнча окуучу 15 мүнөттө диалогго катышуу жана монолог түзө билүү, угулган текстти түшүнүү, сөз байлыгын жана грамматикасын өздөштүрүү керек болчу.
Маалыматты «Порт-Амур» агенттиги Амур облустук билим берүү министрлигинин билдирүүсүнө таянып жазды.
Маалыматка караганда, мигрант балдар биринчи класска кирүү үчүн төрт оозеки тапшырманы аткарышты.
Тапшырмада диалогго катышуу жөндөмү, берилген суроолордун негизинде монолог түзө билүү, уккан текстти түшүнүү, лексиканы жана грамматиканы өздөштүрүү текшерилди.
Ар бир бала үчүн тестирлөө убактысы 15 мүнөттү түздү.
«Тест өтүүчү жерде чет элдик балдардын эмоционалдык абалын көзөмөлдөө үчүн психолог иштеген. Тест видеого, ал эми оозеки бөлүгү аудиого жазылып алынган. Тестирлөөдөн кийин предметтик комиссия баланын мектепте билим алуусу үчүн зарыл болгон тил деңгээлин аныктайт», – деп түшүндүрдү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Наталья Федоренко.
Анын айтымында, баланын мектепке кабыл алынуусу үчүн, жок дегенде 90% туура жооп алынышы керек. Эгерде бала тесттен ийгиликтүү өтсө, ал класска кабыл алынат, болбосо ага орус тилин кошумча окутуу сунуш кылынат.
«Бирге коюлган милдеттердин баары чет өлкөлүк жарандарды тиешелүү класстын орус билим берүү программалары боюнча орус тилинде окуусун талап кылууга багытталган», – деп кошумчалады Федоренко.
Белгилей кетсек, Амур облусунда 35 тестирлөө борбору жана бирдиктүү экзамендердин графиги бекитилди. Борборлор 28 муниципалитетте жайгашкан.
Эске сала кетсек, 2024-жылы Россия Федерациясында бир катар жаңы мыйзамдар кабыл алынып, 2025-жылдан баштап күчүнө кирген. Анын ичинде билим берүү тармагында да өзгөртүүлөр бар.
Буга чейин Россиянын вице-премьер-министри Дмитрий Чернышенко 2025-жылдын 1-апрелинен тарта бүткүл өлкө боюнча мектепке кирүү үчүн мигрант балдардын орус тилин билүүсүн текшерүү башталарын билдирген.
«Келерки жылдын 1-апрелинен тарта мындай иштер биздин өлкөнүн бардык окуу жайларында системалуу түрдө өнүгөт», – деген ал.



















