Россия куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин орун басары генерал-лейтенант Вадим Шамарин кармалды. Ал 15 жылга камалышы мүмкүн.
В. Шамарин Россия куралдуу күчтөрүнүн Башкы байланыш башкармалыгынын начальниги жана РФнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Валерий Герасимовдун орун басары кызматтарын аркалаган.

Россиянын укук коргоо органдары генерал-лейтенантты бейшемби, 23-майда кармашкан. Россия армиясынын башкы байланышчысын Россия Тергөө комитетинин (РТК) Башкы аскердик тергөө башкармалыгына суракка алып келишти. Ошол эле учурда анын үйүндө да тинтүү жүргүзүлдү.
Шамарин өзгөчө ири суммада пара алгандыгы үчүн шектелүүдө
Азыркы учурда ал айыпталуучу катары эки айга камакка алынды. «Коммерсантъ» гезитинин булагынын маалыматына ылайык, Шамарин «көз боёмочулук кылуу» ишине аралшкан. Ошол эле учурда ал өзгөчө ири суммадагы пара алууга да шектелүүдө. РФнын ККнын 290-беренесинин 6-бөлүгү боюнча ага 15 жыл эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.
Вадим Шамарин 1971-жылы Таганрогдо туулган. Ал Аскердик байланыш академиясында окуган, ошондой эле Новочеркасск жогорку командалык аскердик байланыш окуу жайын бүтүргөн. 1992-жылдан тартып взводдун командиринин радиоборборду аралыктан башкаруу взводунун командири жана радиоборбордун техникалык бөлүгү боюнча начальнигинин орун басары кызматтарында ишин баштаган.
2020-жылы РФнын Куралдуу күчтөрүнүн (КК) Башкы байланыш башкармалыгынын начальнигинин убактылуу милдетин аткаруучу – РФнын ККнын Башкы штабынын начальнигинин орун басары болуп дайындалган. Андан кийин, 2021-жылдан тартып Башкы штабдын башкармалыгынын начальниги жана Башкы штабдын начальнигинин орун басары болгон.
Акыркы айда РФнын Коргоо министрлигинин дагы бир нече өкүлдөрү кармалган
Мындан мурда майда 235-гарнизондук аскер соту Россиянын ККнын 58-гвардиялык жалпы куралдуу армиясынын мурдагы командири Иван Поповду камакка алгандыгы белгилүү болгон. Ал алдамчылык үчүн шектелүүдө.
Апрелдин соңунда коргоо министринин орун басары Тимур Иванов камакка алынган, ал эми 13-майда Коргоо министрлигинин Башкы кадр башкармалыгынын начальниги – генерал-лейтенант Юрий Кузнецов кармалгандыгы белгилүү болгон. Россиянын Тергөө комитети министрликтин башкы кадр башчысын өзгөчө ири суммада пара алгандыгы үчүн шек санап, кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк ал өзүнүн камакка алынышына каршы доо арыз жазган.

Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн кармалышына жана камакка алынышына байланыштуу баардык окуялар ведомствонун башчысынын алмаштырылышына туш келген. Сергей Шойгунун ордуна мурдагы вице-премьер Андрей Белоусов дайындалган.
Ошондой эле Коргоо министрлигинин башчысынын дагы бир орун басары Юрий Садовенко да кызматынын бошотулган. Ал экс-министрдин тушунда кызматын 11 жылдан ашык аркалаган. Эми анын ордун Эсеп палатасынын аудитору Олег Савельев ээледи.



















