Россиянын Мамлекеттик Думасы жарандыгы жок адамдарга Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндө келишим түзүп, аскердик кызмат өтөөгө уруксат берген мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Бул документ Мамдумадагы маалымат базасында жарыяланды.
Мыйзам долбоосу апрель айында Мамлекеттик Думага сунушталып, «Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө», «Коргонуу жөнүндө» жана «Аскер кызматкеринин макамы жөнүндө» федералдык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Акыркы редакцияда чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар менен келишимдерди мобилизация, аскердик абал же согуш маалында түзүүгө болот деп көрсөтүлгөн.
Мыйзамдын кийинки баскычы — аны Россия президенти Владимир Путиндин кол коюусу. Түшүндүрмө катта айтылгандай, документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана максаты — РФ Куралдуу күчтөрүн тез арада толуктоо болуп саналат.




















