Россия менен Украина сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы Стамбулда 24-июлда өтөт. Делегациялар Түркияга 23-июлда келиши күтүлүүдө. Анда эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө согушту тынчтык жолу менен жөнгө салуунун көз карашы боюнча меморандумдар тууралуу пикир алмашуу, ошондой эле делегациялар документтерди мурда алмашып, айрым гуманитардык маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.
Бул маалыматты ТАСС агенттиги жазды.
“Жолугушуу 24-июлга белгиленген, делегациялар Стамбулга 23-июлда келиши мүмкүн”, – деп билдирди агенттиктин булагы.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков белгилегендей, россиялык делегациянын курамы мурдагыдай эле кала берет.
Орус тарапты мамлекет башчынын жардамчысы Владимир Мединский жетектейт. Мындан тышкары, курамга Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башкы башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин кирет.
Ал эми Владимир Зеленский Россия менен Украинанын делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 23-июлга белгиленгенин жана ал Түркияда өтөөрүн Telegram каналы аркылуу айткан.
Ал өзүнүн видео кайрылуусунда орус тарапка сүйлөшүүлөрдүн жаңы раундун ушул аптада өткөрүү сунушун Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Киев делегациясынын башчысы, Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров билдиргенин айткан.
Эскерте кетсек, Моска менен Киевдин делегациялары жаңжалды жөнгө салуу үчүн буга чейин эки жолу жолугушуу өткөрүшүп, биринчиси 16-майда, экинчиси 2-июнда Стамбулда болгон.
Тараптардын өткөн эки жолугушууларынын жыйынтыгындагы жетишилген макулдашуулардын негизинде согуш туткундарын, анын ичинде оор жарадарларды жана 25 жашка чейинкилерди, ошондой эле курман болгон жоокерлердин сөөгүн алмашуулар болду.



















