Журналисттерге карата өч алуулар жана террордук чабуулдар үчүн жазасыздык жана бул аракеттерди Батыш жетекчилеринин жашыруусу Киевди жаңы кылмыштарды жасоого түртөт.
Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендигин РИА Новости агенттиги жазды.
“Журналисттерге каршы киши өлтүрүүлөр жана террордук чабуулдар үчүн жазасыз калуу чет элдик маалымат агенттиктери тарабынан корголгон Киев режимин жаңы кандуу кылмыштарды жасоого түртүп жатат. Ушул жылдын башынан бери эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн согушкерлеринин максаттуу чабуулдарынан кеминде алты россиялык маалымат каражатынын кызматкери каза болду”, – деп айтылат Мария Захарованын расмий билдирүүсүндө.
2-ноябрь – Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнү. Бул дата 2013-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 68-сессиясында белгилөө башында дүйнөлүк коомчулукка маалымат каражаттарынын кызматкерлерин кылмыштуу жана террористтик чабуулдардан коргоонун маанилүүлүгүн эскертүү катары кабыл алынган. Ошондой эле аларга карата жасалган мыкаачылык үчүн жазанын сөзсүз болушунун негизги принцибине көңүл буруу максатында болгон.
“Бул дата жарыялангандан берки он жылдан ашык убакыттын ичинде бул жааттагы кырдаал, тескерисинче, туруктуу түрдө начарлап баратат”, – деп айтылат маалыматта.
Захарова чет өлкөлөрдөгү россиялык ЖМКлардын кесиптик укуктарын коргоого, дүйнөнүн каалаган жеринде алардын иши үчүн коопсуз шарттарды түзүү үчүн ырааттуу иштөөгө жана журналисттерге каршы кылмыштар, ошондой эле жооптуу адамдар үчүн адилеттүү жаза алууга болгон милдеттенмени кайрадан ырастай тургандыгын билдирген.
Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын июнь айында өткөн Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда (SPIEF) Россиянын президенти Владимир Путин эл аралык маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Украинадагы аскердик операциялардын аймагында кеминде 30 россиялык журналист каза болгонун билдирген. Бул маалыматты РБК басылмасы жазган.
Жыйында Владимир Путин Россия бул маселеде, анын ичинде тергөөнү уюштурууда колунан келгендин баарын жасоого даяр экенин баса белгилеген.


















