The Kabul Tribune басылмасынын маалыматына караганда, Афганистандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясындагы «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү шейшемби күнү Россияга 50 тонна жергиликтүү алманын биринчи партиясы жөнөтүлгөнүн билдиришкен.
Кандагардагы талибдер көзөмөлдөгөн айыл чарба жана мал чарбачылыгы башкармалыгынын өкүлү Мохаммад Ханиф Хакмалдын айтымында, бул продукция эл аралык стандарттарга ылайык таңгакталып, Герат провинциясындагы Торгунди чек ара өтмөгү аркылуу жөнөтүлгөн. Бийликтегилердин маалыматы боюнча, жакынкы апталарда Россияга жалпысынан 1000 тонна кандагарлык алма экспорттоо пландалууда. Бул — Афганстандын айыл чарба экспортун кеңейтүүгө багытталган кезектеги кадам. Мурун Россия ушул эле аймактан 250 тонна анар алган.
2025-жылдын башынан бери Москва менен мурда Россияда тыюу салынган «Талибан» кыймылы көзөмөлдөгөн Кабулдун ортосундагы кызматташтык активдешти.
Февралда Россиянын Афганистандагы элчиси Дмитрий Жирнов «РИА Новости» агенттигине берген маегинде, талибдер Россияга ар түрдүү товарларды, анын ичинде жергиликтүү «Coca-Cola»ны да жеткирип жатканын билдирген.
«Россия Афганистандан татымалдарды, алкоголсуз жана энергиялык суусундуктарды, дары чөптөрдү — лаванда, тимьян, солодка, ошондой эле талаага арналган казандарды сатып алууда», — деген дипломат.
Анын айтымында, Афганистандын Россияга экспортунун негизги бөлүгүн кургатылган жемиштер жана мейиз түзөт, андан тышкары жашылча жана жүзүм аз көлөмдө жеткирилет. Ошондой эле өлкө анар, шафран, хром рудасы, концентраттар, минералдар, рубин жана изумруд экспорттойт. Жирновдун маалыматы боюнча, бул товарлар Афганистандын Россияга болгон жалпы экспортунун болжол менен алтынчы бөлүгүн түзөт.


















