Россия «Орешник» ракеталык комплексинин сериялык өндүрүшүн баштаганын Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин билдирди.
«Биз орто аралыктагы “Орешник” ракеталык комплексинин сериялык өндүрүшүн баштадык», — деди Путин «Посейдон» жана «Буревестник» долбоорлорунун түзүүчүлөрүн сыйлоо аземинде сүйлөп жатып.
Россия 2024-жылдын 21-ноябрында орто аралыктагы, өзөктүк эмес, гиперүндүү жаңы баллистикалык ракета — “Орешникти” — согуштук шарттарда ийгиликтүү сыноодон өткөргөн.
Путиндин айтымында, “Орешник” ракеталык системасынын бул сыноолору НАТО өлкөлөрүнүн Россияга карата агрессивдүү аракеттерине жооп иретинде жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, бул аракет Украина куралдуу күчтөрүнүн америкалык жана британиялык алыскы аралыкка атуучу куралдарды колдонушуна жооп катары аткарылган.


















