Россельхознадзор 28-апрелден тартып Кыргызстандын «Аква Пром» ЖЧК жана «Тянь-Шань-Фиш» ЖЧК ишканаларына Россиянын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу коюлган чектөөнү алды.
Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан «Аква Пром» ЖЧК жана «Тянь-Шань-Фиш» ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү.
«2023-жылдын 27-апрелиндеги РФ Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын катына ылайык жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 28-апрелден тартып Кыргызстан Россиянын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу коюлган чектөө (төмөнкү эки ишкана) алынды. Эми «Аква Пром» жана «Тянь-Шань-Фиш» ишканалары Россияга балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле РФ Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине «Нурагрорыбпром» ЖЧК жана «Дары Природы» ЖЧК ишканалары боюнча мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлдү.
Эске салак, жакында эле Россельхознадзор бир катар эреже бузууларды аныктап, Кыргызстандан сүт жана балык азыктарын алууну токтоткон.