Россиянын заманбап тарыхында алгачкы жолу Айга учурулган “Луна-25” станциясы эсептелбеген орбитага өтүп кетип, Айдын бети менен кагылышып, жок болгону божомолдонууда.
Бул тууралуу “Роскосмостун” маалымат кызматынын билдирүүсүндө айтылат.
“Роскосмостун” маалыматына караганда, аппарат менен байланыш Москва убактысы боюнча саат 14:57де үзүлүп, аппаратты издөө жана аны менен байланышуу аракеттеринен майнап чыккан эмес.
Станциянын кыйрашын атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия иликтейт.
Эске салсак, Россия дээрлик жарым кылымдан кийин Айга алгачкы миссиясын 11-августта жөнөткөн.
Буга чейинки “Луна-24” станциясы 1976-жылы Советтер Союзу тарабынан учурулган.
Станция Айдын бетинде узак мөөнөттүү изилдөөлөрдү жүргүзүп, Жердин спутнигинин туштук уюлуна жумшак конуу технологиясын иштеп чыкмак.