Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстан, Өзбекстан, Мьянма жана Чыгыш Азиянын арал мамлекеттери менен чакан атомдук электр станцияларын (АЭС) куруу маселесин талкуулап жатат.
Бул тууралуу Мамлекеттик корпорациянын башкы директору Алексей Лихачев Мамлекеттик Думада билдиргенин орус ЖМКлары жазды.
«(Чакан АЭСке – ред.) суроо-талап абдан жогору жана биздин аналитиктер жакынкы 10-15 жылда планетада 30-40 ГВт чейин аз кубаттуулуктагы атомдук электр станциялары түзүлөрүн айтышууда», – деди Лихачев.
Ал чакан атомдук электр станцияларынын долбоорлору боюнча азыртадан эле бир катар россиялык компаниялар, анын ичинде “Норникель”, “Газпромнефть”, “Лукойл” менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
“Бир катар өлкөлөр биздин өнөктөшүбүз жана кардарларыбыз. Айрымдары менен өкмөттөр аралык келишимдер түзүлдү, келишимдер боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми кээ бирлери менен техникалык көрүнүш жана экономикалык моделдин деңгээлинде иштеп жатабыз. Өзбекстан, Кыргызстан, Мьянма, Түштүк-Чыгыш Азиянын арал мамлекеттери менен талкуулап жатабыз”, – деди ал.
Эске сала кетсек, «Росатом» Өзбекстанда ВВЭР-1200 реакторлору бар эки энергоблоктон турган комплекс курууну пландаштырууда. Буга чейин корпорациянын башкы директору Алексей Лихачев Өзбекстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча келишим боюнча иштер акыркы баскычта экенин билдирген. Ал «Росатом» бул жерде бир катар изилдөө иштерин жүргүзүп, аз кубаттуулук, ошондой эле кадрларды окутуу боюнча кошумча сунуштарды киргизгенин кошумчалаган.
“Росатом” Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кыргызстанда чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияларды куруу жөнүндө меморандумга 2022-жылы кол коюп, былтыр Кыргызстандын Экономика министрлигине чакан кубаттуулуктагы АЭСти куруу боюнча негиздеменин долбоорун жөнөткөн.
АЭС курууну Казакстан да пландаштырып жатат. Айрым маалыматтар боюнча, атомдук станция курула турган жер катары Алматы облусундагы Улкен айылы тандалып алынган. 2023-жылдын август айында Улкенде курулуш боюнча коомдук талкуулар болгон. 1-сентябрдагы угуулардан кийин Токаев атомдук электр станциясын куруу же андан баш тартуу маселесин жалпы элдик референдумга коюуну буйруган. Анын датасы азырынча аныктала элек.
“Росатом” – россиялык мамлекеттик холдинг, анын курамына атом тармагында иш алып барган 400дөй ишкана кирет. Корпорация Россиядагы бардык атомдук станцияларды башкарат. Холдинг урандын запасы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.




















