Рим папасы Франциск дүйнөдөн кайтканын Ватиканга шилтеме берүү менен Reuters агенттиги билдирди.
“Бүгүн эртең менен, саат 7:35те Рим папасы Франциск көз жумду”, – деп айтылат билдирүүдө.
Франциск 88 жашта болчу. Февраль айынын орто ченинде ал Римдеги “Джемелли” ооруканасына бронхитти дарылоо үчүн жаткырылган, андан кийин анализдер эки тараптуу пневмониянын башталышын көрсөткөн. Ал беш жума ооруканада жатып, төрт жолу дем алуу кризисине кабылып, эки жолу өмүрү коркунучка дуушар болгон.
Понтифик ооруканадан 23-мартта чыккан жана ошондон бери ал эки жолу гана эл алдына чыккан, акыркы жолу Ыйык Петр аянтында христиандарды Пасха майрамы менен куттуктаган.
Ал ошондой эле апрель айынын башында Улуу Британиянын королу Чарльз IIIту, ал эми Улуу ишембиде АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнсти кабыл алган.
Аргентиналык Хорхе Марио Бергольо 2013-жылдын 13-мартында Бенедикт XVI баш тарткандан кийин Рим папасы болгон.
Болочок понтифик 1936-жылы 17-декабрда Буэнос-Айресте италиялык иммигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн жана беш баланын эң кичүүсү болгон. Рим папасы Франциск көптөгөн дүйнөлүк саясатчыларга караганда популярдуу болгон. Мунун сыры, ал ар бир адам колдогон жана муктаж болгон баалуулуктар жөнүндө айтчу.
2013-жылы Франциск Time журналы тарабынан жылдын адамы деп табылган.


















