Кечээ, 21-апрелде каза болгон Рим папасына арналган мессалар 24-апрелде Москвада жана Санкт-Петербургда архиепархия – чиркөөлүк аймактык-административдик бирдикте өтөрү белгилүү болду.
Бул тууралуу Архиепархиянын басма сөз кызматы билдирди.
Рим папасы Францисктин өлүмүнө байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин да көңүл айтты.
Ал көз жумганга чейин католиктер жана православдар үчүн 20-апрелге туш келген Пасха майрамында понтифик АКШнын вице-президенти Ж. Д. Вэнс менен жолугушкандан кийин 7 сааттан кийин көз жумган.
Жолугушуу Ватиканда өтүп, Дональд Трамптын мигранттарды “репрессиялоосуна” жана эл аралык жардамды кыскартууга байланыштуу эки тараптуу мамилелери жөнүндө сөз болгон.
Италиялык басылмалар Вэнс Рим папасынын колун кысып турган жолугушуудан расмий сүрөттөрдү жарыялап, Франциск менен Вэнстин жолугушуусу бир нече мүнөткө гана созулганын жазышууда.
Маалыматка караганда, Вэнс менен аңгемелешкенден кийин эле Рим папасы Франциск аянтта чогулган элдин алдына чыккан.
Кардинал Анджело Комастри жетектеген салтанаттан кийин католик чиркөөсүнүн башчысы Ыйык Петр чиркөөсүнүн балконуна чыгып, колун булгалап учурашып, жардамчысына сөз сүйлөөнү тапшырды.
Эскерте кетсек, Рим папасы Франциск 88 жашында көз жумду.
Февралда ал бронхит оорусу менен ооруканага жатып, кийин эки тараптуу пневмонияга айланган. Дарыгерлер понтификтин абалын оор деп баалашкан.
Ал төрт жолу дем алуу жетишсиздигинен жабыркап, эки жолу дарыгерлер анын өмүрү коркунучта экенин айтышкан. Беш жумалык интенсивдүү дарылоодон кийин, 23-мартта үйүнө чыгарылган.
Рим папасы дарылангандан кийин эки жолу гана эл алдына чыгып, акыркысы Пасха майрамынын урматына чыккандыгы болду.
Бирок, ал бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү. Анын ичинде Улуу Британиянын королу Чарльз III менен апрель айында жана Вэнс менен ишемби күнү болду.
Франциск католик өлкөлөрүндө гана эмес, эл аралык саясатта да олуттуу роль ойноп, Украинадагы чыр-чатактын тегерегиндеги талкууларга катышуусу өзгөчө байкалган.
Рим папасы ким болгон?
Болочок Рим папасы Хорхе Марио Бергольо 1936-жылы 17-декабрда Буэнос-Айресте төрөлгөн.
Ал көптөгөн аргентиналыктар сыяктуу эле италиялык иммигранттардын үй-бүлөсүнөн чыккан. Понтифик темир жол кызматкеринин көп балалуу үй-бүлөсүндө чоңойгон жана беш баланын улуусу болгон.
Ал орто мектепти жана студенттик окуу жылдарын ийгиликтүү аяктаган. Өзгөчө табигый илимдерге кызыккан. Натыйжада италиялык эмигранттардын уулу химиялык инженерия боюнча диплом алган.
Бирок, жаш химик бат эле рухий кызматтын жолуна түшкөн. Анын эскерүүлөрүнө караганда, бир күнү ал католик чиркөөсүнүн насаатчысына келип, дин кызматчынын сөзүнө абдан шыктанган. Ошол күндөн тартып Хорхе Марио семинарияга кирүүнү ойлоно баштаган.
1970-1980-жылдары Хорхе Марио Бергольо Аргентинанын иезуит монастырдык орденинде ар кандай кызматтарды ээлеген.
Ошол эле учурда ал саякаттоого жетишкен, Испанияда, Улуу Британияда жана Германияда жашаган.
Рим папасы Франциск убакыттын өтүшү менен болочок понтифик Буэнос-Айрестин архиепархиясында барган сайын маанилүү кызматтарга ээ болуп, 1998-жылы анын башчысы болуп дайындалган.
Ал эми XXI кылымдын башында аргентиналык архиепископ Ватикандын көңүлүн бурган.



















