Россия Сауд Аравиясы жалпы жарандык паспорт ээлери үчүн визасыз режим жөнүндөгү келишим түзгөн биринчи өлкө болду.
Россия менен Сауд Аравиясы өз ара визаларды жокко чыгаруу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Сауд Аравиясынын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
«Сауд Аравиясы Падышалыгы менен Россия Федерациясынын жакшы мамилелеринин алкагында эки дос мамлекеттин жарандары үчүн визаларды өз ара жокко чыгарууну караган келишимге кол коюлду», — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик бул келишим эки өлкө ортосундагы өнүккөн өнөктөштүктүн тереңдигин чагылдырып, гуманитардык өз ара аракеттенүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн, ошондой эле туризм, экономика жана маданият тармактарындагы алмашууларды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Падышалык ТИМи Россия Сауд Аравиясы жалпы жарандык паспорт ээлери үчүн визасыз режимди караган келишимге кол койгон биринчи өлкө экенин баса белгиледи.

















