Тажикстан менен Иран терроризмге жана трансулуттук кылмыштын башка түрлөрүнө каршы биргелешкен чараларды көрүүгө ниеттенүүдө.
Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ирандын ички иштер министри Эскандар Моменинин жолугушуусунда сөз болду.
Азыркы тапта Ирандын Ички иштер министрлигинин башчысы иш сапары менен Душанбеде жүргөн.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Тажикстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин айрым аспектилерин, атап айтканда, укук коргоо жана коопсуздук тармагындагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашты.
Ошондой эле эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого чоң кызыгуу болду.
«Атап айтканда, азыркы дүйнөдө болуп жаткан олуттуу жана кооптуу окуяларга, геосаясий атаандаштыктын курчушуна, азыркы учурдун коркунучтарына байланыштуу кызматташууну кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду», – деп айтылат маалыматта.
Рахмон менен Момени терроризмдин, экстремизмдин, радикалдашуунун, трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун, анын ичинде киберкылмыштуулуктун жана баңги аткезчилигинин көрүнүштөрүнө натыйжалуу каршы туруу боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарыл деп эсептешти.
Белгилей кетсек, ирандык министр тажик кесиптеши Рамазан Рахимзода менен да жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Министрлер кылмыштуулуктун, терроризмдин, экстремизмдин, мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүнүн алдын алуу, маалымат алмашуу, ошондой эле эки таасирдүү түзүмдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана бири-биринин тажрыйбасын үйрөнүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, тараптар “2025-2029-жылдарга Тажикстандын Ички иштер министрлиги менен Ирандын Ички иштер министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илимий изилдөөлөр боюнча кызматташуунун практикалык программасына” кол коюшту.

















