Украинанын Жогорку Радасынын спикери Стефанчук өлкө президенти В. Зеленский жаңы президент шайланганча мыйзамдуу өлкө башчысы болуп саналат деп эсептейт.
Анын сөзүнө караганда, Украинанын учурдагы президенти Владимир Зеленский Конституцияга ылайык, жаңы президент кызматына киришкенге чейин мыйзамдуу лидер болуп саналат. Бул тууралуу Украинанын Жогорку Радасынын спикери Руслан Стефанчук Facebook (Х) социалдык тармагында билдирди.
Ошентип ал россиялык лидер Владимир Путиндин Зеленскийдин легитимсиздиги тууралуу сөзүнө жооп берди. Стефанчук Украина Конституциясынын 108-беренесинин 1-бөлүгүнө көңүл бурууну сунуш кылды.
Украинанын президентин шайлоо 31-мартта өтүш керек болчу. 2019-жылы мамлекет башчысы болуп шайланган Владимир Зеленскийдин ыйгарым укуктуу мөөнөтү 20-майда бүткөн. Бирок өлкөдө президенттик шайлоо жарыяланган жок. Өз кезегинде украиналык лидер өзү анын беш жылы али бүтө электигин билдирген. «Согуштук шарттан улам мөөнөт уланууда», — деп белгилеген ал.
















