Иран Ислам Республикасы көптөгөн өлкөлөр, ал тургай бүткүл дүйнө үчүн үлгү өлкө.
Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин илим жана билим боюнча жардамчысы Андрей Фурсенко Москвада өткөн Ислам революциясынын жеңишинин жылдыгына жана Иран Ислам Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чаранын алкагында IRNA агенттигине берген маегинде билдирди.
“Иранды качан карабайлы, бул өлкөнүн көз карандысыздыгын, өзүн-өзү камсыздоосун жана өнүгүү процессин ар кандай шарттарда сактап калганын көрүп турабыз”, – деди Фурсенко.
Путиндин жардамчысы Москва менен Тегерандын ортосундагы мамилелердин тынымсыз өнүгүшүнө, өзгөчө эки өлкөнүн ортосундагы Ар тараптуу стратегиялык келишимге кол коюлганына канааттануусун билдирип: «Иран менен Орусия кээ бир жагынан бири-бирин толуктап турат, кээ бир жагынан окшош, ошондуктан эки өлкөнүн мамилесин өнүктүрүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар»,- деди.
Ислам революциясынын 46 жылдыгын жана Иран Ислам Республикасынын Улуттук күнүн белгилөө аземи 10-февраль күнү кечинде Москвада болуп өттү.
Ага Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали, Орусиянын Энергетика министри Сергей Цивилев жана эки өлкөнүн өкмөттөр аралык кызматташтык комиссиясынын орус тараптын башчысы катышып, сөз сүйлөштү.
Салтанатка ошондой эле Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, белгилүү философ Александр Дугин, Мамлекеттик Думадагы «Бирдиктүү Орусия» фракциясынын башчысы, ошондой эле Орусиянын башкы прокурору, ар кайсы өлкөлөрдүн элчилери, дипломаттар жана аскер атташелери баш болгон бир катар орусиялык расмий өкүлдөр катышты.
Иш чаранын алкагында Иран Ислам Республикасынын илим жана технология тармагындагы жетишкендиктеринин көргөзмөсү өтүп, катышуучулар тарабынан жакшы кабыл алынды.
Ошондой эле иш чаранын коноктору ирандык музыканттын сантур аспабында ойноосунун коштоосунда Ирандын кол өнөрчүлүк эмгектерине күбө болушту.
Белгилей кетсек, Иранда Ислам революциясынын жеңишинин 46 жылдыгы белгиленип жатат. Мындан 46 жыл мурда, тагыраагы 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.

















