Орусиянын президенти Владимир Путин жаңыланган өзөктүк доктринаны бекитти. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланды. Андагы маалыматтарга ылайык, өзөктүк куралды колдонуу чечимин президент өзү кабыл ала турган болду.
Ошондой эле документте, Орусия Федерациясына жана анын союздаштарына каршы агрессиядан потенциалдуу душмандын коркунучун азайтуу – өкмөттүн эң негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат деп айтылат. Мындан сырткары, кайсы бир аскердик коалициянын Орусияга же анын союздаштарына жасаган агрессиясы – бүтүндөй коалициянын агрессиясы катары карала турган болууда.
Мурдараак маалымдалгандай, өзөктүк куралды колдонуудан кармануу – Орусиянын өзөктүк стратегиясын официалдуу түрдө аныктаган жана деталдаштыруучу документ болуп саналган.
Бул тууралуу Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин өзөктүк куралды колдонуудан кармануу боюнча жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Анын жыйынтыгы менен өзөктүк куралды колдонуунун шарттарын аныктоого байланыштуу бир катар тактоолорду киргизүү сунуш кылынды.
«Дагы эмнеге өзгөчө көңүл бургум келет? Документтин жаңыланган үлгүсүндө өзөктүк куралы жок кайсы гана мамлекет болбосун Орусияга жасаган агрессиясын, өзөктүк мамлекеттин катышуусу же колдоосу менен биргелешкен чабуул катары кароо сунушталат», – деген Путин.
Эскерте кетсек, буга чейин The New York Times гезити АКШ президенти Жо Байден Украинага алыс аралыкка атуучу курал менен Орусиянын аймагына терең сокку урууга уруксат берген деген материалды жарыялаган. Бирок азырынча Ак үй бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек.

















