Россиянын президенти Владимир Путин Тышкы иштер министрлигине, Коргоо министрлигине, атайын кызматтарга жана жарандык ведомстволорго 35 жылдык тыныгуудан кийин өзөктүк сыноолорду өткөрүүгө даярдык көрүү мүмкүнчүлүгүн караган сунуштарды даярдоону тапшырды. Бул тууралуу ал Кремлдеги Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен өткөн жыйында билдирди.
Президенттин айтымында, тиешелүү мекемелерге «бул маселе боюнча кошумча маалымат топтоп, аны Коопсуздук кеңешинин аянтчасында талдап чыгып, өзөктүк куралды сыноого даярдык иштерин баштоо мүмкүнчүлүгү боюнча макулдашылган сунуштарды киргизүү» тапшырылды.
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү мындай кадамдын себеби катары АКШ президенти Дональд Трамптын Пентагонго өзөктүк сыноолорду калыбына келтирүү тууралуу берген көрсөтмөсүн аташты. Өткөн жумада Ак үйдүн башчысы АКШ «айрым сыноолорду өткөрүүнү пландап жатат» деп билдирген, бирок бул жерде муздак согуш маалындагыдай жер астындагы жарылуулар жөнүндө сөз болуп жатабы — тактаган эмес.
Тышкы чалгындоо кызматынын (ТЧК/СВР) директору Сергей Нарышкиндин айтымында, орус дипломаттары Трамптын администрациясынан бул билдирүүлөргө түшүндүрмө берүүнү суранышкан. «Бирок Ак үй менен Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү түз жооп берүүдөн баш тартышып, маалыматты жогору жакка жеткиребиз жана зарыл деп табылса, орус тарап менен байланышабыз деп гана билдиришкен», — деди Нарышкин Россиянын АКШдагы элчиси Александр Дарчиевдин маалыматына шилтеме жасап.
Андан кийин Коргоо министри Андрей Белоусов Архангельск облусунда өзөктүк сыноолорго даярдыкты дароо баштоо демилгесин көтөрдү. «Толук көлөмдөгү өзөктүк сыноолорго даярдыкты дароо баштоо максатка ылайыктуу деп эсептейм. Жаңы Жер архипелагындагы күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгы бул сыноолорду кыска мөөнөттө өткөрүүгө мүмкүндүк берет», — деди министр.
Жаңы Жердеги өзөктүк полигон — бул өлкөдөгү эң ири объект, анда 1950-жылдардан тартып жүздөгөн атомдук жарылуулар жүргүзүлгөн. Акыркы өзөктүк сыноо 1990-жылдын октябрында өткөн. Ошондон бери полигондо болгону «сынамык эксперименттер» гана жүргүзүлүп келет (башкача айтканда, жарылууга алып келбеген, чынжыр реакциясыз сыноолор).
Путин жыйын учурунда Москва дайыма Өзөктүк сыноолорду толук тыюу салуу келишиминдеги (ДВЗЯИ) милдеттенмелерин так сактап келгенин жана аларды бузуу ниети жок экенин белгиледи. Бирок, эгер Вашингтон жана келишимге катышкан башка мамлекеттер мындай сыноолорду өткөрсө, Россия «жетиштүү жооп» кайтарарын айтты.
«Чынында эле, 2023-жылы Федералдык жыйынга жолдогон кайрылуумда айткандай, эгерде Америка Кошмо Штаттары же башка мамлекеттер мындай сыноолорду өткөрсө, анда Россия да тийиштүү түрдө адекваттуу жооп чараларын көрүүгө аргасыз болот», — деди президент.
Мунун алдында Путин Россия «Буревестник» аттуу теңдеши жок континенттер аралык канаттуу ракетаны жана «Посейдон» аттуу өзөктүк торпеданы сыноолорду ийгиликтүү аяктаганын билдирген.

















