Россиянын президенти Владимир Путин 11–12-декабрда Ашхабадга барып, Эл аралык тынчтык жана ишеним жылына, Эл аралык бейтараптык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптык макамынын 30 жылдыгына арналган форумга катышат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Күтүлүп жаткандай, Россия лидери чет өлкө башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Акыркы жолу Россия президенти Ашхабадга өткөн жылдын октябрында барган. Анда Путин «Заман жана цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негиздери» аттуу эл аралык форумдун пленардык жыйынына катышкан.
10-декабрда белгилүү болгондой, Иран президенти Масуд Пезешкиан жана Россия президентинин жолугушуусу да Түркмөнстанда өтөт.
Быйыл январда Путин жана Пезешкиан Кремлде эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшкан. Макулдашуу коргонуу, терроризмге каршы күрөш, энергетика, финансы, транспорт, өнөр жай, айыл чарба, маданият, илим жана технология сыяктуу тармактарды камтыйт. Ал келишим 2-октябрда күчүнө кирген.
Буга чейин Иранда Россия менен коргонуу жаатындагы кызматташуунун тереңдеп жатканы тууралуу кабарлашкан.
















