Россиянын президенти Владимир Путин ушул аптада КМШнын саммитине катышуу үчүн Тажикстанга барат. Сапардын алкагында ал республиканын президенти Эмомали Рахмон жана КМШнын башка лидерлери менен жолугушат, деп билдирди “Россия 1” телеканалы.
“Владимир Путин Тажикстанга КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитине барат. РФ президенти Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен жолугушат. Путин КМШнын башка лидерлери менен да жолугушууну пландоодо”, – деп билдирди телеканал.
Буга чейин Путин Тажикстанга 9-октябрда бара турганы айтылган.
Кремлдин маалыматына ылайык, 5-октябрда Россия менен Тажикстандын президенттери Владимир Путин менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, Путиндин Тажикстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдыктарды талкуулашты.
Телефондук сүйлөшүүдө Путин Рахмонду туулган күнү менен да куттуктады. Ал 5-октябрда 73 жашка толду. Тажик президентине куттуктоо телеграммасы да жөнөтүлгөн. Путин өз куттуктоосунда Рахмондун эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи. Ал лидерлердин Душанбеде боло турган жолугушуусу эки тарапка тең пайдалуу орус-тажик байланыштарынын спектрин мындан ары да бекемдейт деген ишенимин билдирди.
КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммити 10-октябрда Душанбе шаарында өтөт.



















