Владимир Путин АКШнын жаңы санкцияларына карабастан, Украинадагы согуш аракеттерин токтотпой турганын билдирип, Россиянын аймагына Tomahawk канаттуу ракеталары менен сокку урулса, «татыктуу жооп» болорун эскертти. Бул тууралуу ал Россия географиялык коомунда өткөн жыйында сүйлөп жатып айтты.
АКШнын жаңы чектөөлөрүн комментарийлеп жатып, Путин бул чаралар «эки өңүттүү — саясий жана экономикалык мүнөзгө ээ» болуп, «басым көрсөтүү аракети» экенин белгиледи. Ошол эле учурда ал «өзүн урматтаган эч бир мамлекет басым астында чечим кабыл албайт» деп белгилеп, согушту токтотуу мүмкүнчүлүгүн четке какты.
Мындан тышкары, Владимир Путин Россияга алыскы аралыкка атылуучу курал менен, анын ичинде Tomahawk ракеталары менен сокку урулган учурда «күчтүү, ал тургай чочулаткан жооп» болорун айтты. «Муну алар ойлонушсун», — деди ал. Путиндин айтымында, Киевге Tomahawk берүү тууралуу сөздөр — «чырды курчутуу аракети».
АКШ президенти Дональд Трамп Будапештте өтмөк болгон саммитти жокко чыгарганын айтканда, Путин бул жолугушуу «жөн гана жылдырылганын» белгиледи. «Аны (жолугушууну — ТМТ) даярдоо керек. Болбосо натыйжасыз чыгуу жаңылыштык болмок», — деди ал. Ошондой эле Путин «диалог ар дайым конфронтациядан, айрыкча согуштан жакшы» экенин баса белгиледи.
23-октябрда Трамп Путин менен Будапешттеги саммит болбой турганын билдирген, анткени «тараптар коюлган максатка жете алышмак эмес». Америкалык лидер ошондой эле Путин «бүт Украинаны алгысы келет» деген сезим ар дайым болгонун, бирок АКШ буга жол бербей турганын айтты. «Биз анын баарын алышын каалабайбыз», — деп белгиледи Трамп.
Ошол эле учурда АКШ Будапешттеги жолугушууну жокко чыгаруу менен бирге Россиянын ири мунай компаниялары — «Роснефть» жана «Лукойлго» каршы санкцияларды киргизди. Трамп муну менен «убакыт келди» деп түшүндүрүп, Путин «акылга келет» деген үмүтүн билдирди.
Өткөн жумада Трамп менен Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы согушту токтотуу шарттарын талкуулоо үчүн Будапештте жолугушууга макул болушкан. Кийин АКШ тарап фронт сызыгы боюнча согуш аракеттерин токтотууну сунуш кылган — Киев бул идеяны колдогон, бирок Кремль аны катуу түрдө четке каккан.
















