Путин: Эгер Россия мунай менен газдан түшкөн кирешеге гана таянып баарын сатып алса, эгемендүүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүн
Владимир Путин журналист Павел Зарубин менен болгон маегинде, эгер Россия баарын мунай жана газдан түшкөн киреше менен сатып алса, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготуп, андан кийин эгемендүүлүгүн да жоготушу мүмкүн экенин айтты.
«Эгер биз баарын мунай жана газга сатып алып жүрө берсек, азыр мунай менен газды бизден тартып алууга аракет болуп жатат. Андай болсо, Россия атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготот, андан кийин эгемендүүлүгүнөн ажырайт», — деди Путин.
Бул сөздөрдү ал Россия өз автоунааларын жасай албайт деген пикирге жооп катары айтты. Зарубин мындай көз караштагылар Россия өз өндүрүшүн жапканы оң деп, автоунааларды чет өлкөдөн сатып алууну сунуштап жатышканын белгиледи.
Путин бул идея 1990-жылдардын ортосунда кеңири тарап кеткенин белгилеп, өкмөт башчы болуп турганда да бул боюнча кесиптештери менен талашып келгенин эске салды.
«Алар: “Автопром менен алектенип кереги жок, биз артта калдык, жетише албайбыз, андан көрө чет жактан сатып алабыз же көп болсо ири жыйноо заводдорун эле ача берели” — деп айтышкан», — деди ал.
Президент белгилегендей, мындай позициянын “экинчи жагы” да бар — бул технологиялык көз карандысыздык. Кээ бир өлкөлөр өндүрөт, башкалар керектейт — мындай жагдай көп товарларга тиешелүү.
Негизги маалыматтар:
2020-жылы мунай-газдын Россиянын экспортундагы үлүшү биринчи жолу 50%дан төмөн түшкөн.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиянын жалпы экспортунун үлүшү 1990-жылдардын ортосунан бери эң төмөн көрсөткүчкө — 23%га жеткен.
Финансы министри Антон Силуанов 2025-жылдын апрелинде өлкө мунай жана газга болгон көз карандылыкты азайтканын билдирген: федералдык бюджеттин кирешелеринин 25%ы гана мунай-газдан түшкөн.
2025-жылдын биринчи кварталында мунай-газ кирешелери 2,64 трлн рублду түзүп, бул 2024-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 9,8% аз.
Батыш өлкөлөрү Россияга карата энергетикалык секторго санкция киргизген. Европалык Биримдик жана Улуу Британия мунайга коюлган баа чегин $60тан $47,6га түшүргөн.
Urals мунайынын баасы 2025-жылдын апрелинде $50дан төмөн түшүп, учурда $65,5 тегерегинде.
Россия бюджетинде мунайдын баасы $70 деп каралган болсо да, Минфинде 2025-жыл үчүн орточо баа $60 деп болжолдонууда. Ал эми Экономика министрлиги мындан да төмөн — $56 деп эсептейт.
Европанын газ сатып алуусу азайган, ал эми Брюссель Россиядан энергия ресурстарын сатып алуудан баскычтуу баш тартуу планын сунуштаган.
«Түндүк агым» жана «Түндүк агым-2» газ куурлары жардырылган.
Россия бийлиги экономика санкцияларга ылайыкташып кеткенин, ал эми аны кыйратууга болгон аракеттер ишке ашпаганын билдирип келет.


















