Россия Иран менен түрдүү тармактарда кызматташууга чечкиндүү экенин РФ президенти Владимир Путин Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан менен жолугушууда билдиргенин Кремлдин маалымат кызматы жарыялады.
Константиновский сарайында өткөн жолугушууга Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу да катышты.

Сүйлөшүү учурунда орус лидери Россия менен Ирандын кызматташуусу үчүн көптөгөн маанилүү жана кызыктуу темалары бар экенин айтты.
“Биз бул багыттардын бардыгы боюнча алга жылууга чечкиндуу экенибизди дагы бир жолу ырастагым келет”, – деди Путин.
Ошондой эле сүйлөшүү учурунда Путин Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысынын Санкт-Петербургда болушу пайдалуу жана жагымдуу болот деген үмүтүн билдирди.
Путин Россия аны менен кызматташуу Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкяндын командасы үчүн артыкчылыктуу болуп кала берээрин баалайт, деп билдирди орус президенти Владимир Путин.

Ал Ирандын Россия менен кызматташуу каалоосун да баалады.
«Россия менен кызматташуу жаңы президент Масуд Пезешкяндын командасы үчүн да артыкчылыктуу бойдон кала берээрин баалайбыз», – деди Путин.
РФ лидери Россия менен Ирандын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө да токтолуп, бул Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин аракеттеринин аркасында болуп жатканын белгиледи.
«Акыркы жылдарда орус-иран достук мамилеси кошумча динамикага ээ болду, мунун баары негизинен Ислам Республикасынын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин колдоосу менен болуп жатат», – деди Путин.
Өз кезегинде Ирандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан Ирандын жогорку лидеринин, ошондой эле жаңы президент Масуд Пезешкяндын саламын жолдоп, Ирандын жаңы жетекчилигинин Россия менен мамилесин өнүктүрүүгө болгон мамилесинде эч кандай өзгөрүү болбогонун баса белгиледи.
Путин ошондой эле орус тарап Ирандын президентин октябрь айында Казанда өтө турган БРИКС саммитинде күтүп жатканын белгиледи.
«Биз эки тараптуу өзүнчө сүйлөшүүгө убакыт табабыз деп ойлойм», – деди орус президенти.
Анын айтымында, Россия Ирандын президенти Масуд Пезешкяндын жаңы стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюу үчүн өлкөгө өзүнчө визит менен келишин күтүп жатат.

«Жаңы шайланган президент (Пезешкян – ред.) менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтканымдай, биз аны Россияда жана толук визит менен көрүүгө кубанычта болобуз, анын алкагында жаңы чоң мамлекеттер аралык келишимге кол коебуз. Ал Россия-Иран мамилелеринин стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлүшүн бекемдөө максатында иштелип чыккан. Биз бул мүмкүнчүлүктү аны менен Казанда жолугушууда талкуулайбыз деп ойлойм”, – деди РФ лидери.
Путин Иран менен соода жүгүртүүнүн өсүшүнө да токтолуп, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 2024-жылдын алгачкы алты айында дээрлик 10% өскөнүн билдирди.
Белгилей кетсек, Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян 10-сентябрда Санкт-Петербургга россиялык кесиптешинин чакыруусу менен БРИКСтин жогорку өкүлдөрүнүн жыйынына катышуу үчүн келген.
Сапардын алкагында ал Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен эки тараптуу жумушчу жолугушуу өткөргөн.
БРИКС жана БРИКС+ мамлекеттеринин коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлдөрүнүн XIV жыйыны 10-сентябрдан 12-сентябрга чейин Санкт-Петербургда өттү.


















