Россия АКШга өзөктүк отун жеткирүүнү улантып жатат, бул АКШнын прагматикалык саясатынан кабар берет. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин «Деловая Россия» коомдук уюмунун мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда билдиргенин «Прайм» агенттиги жазып чыкты.
«АКШ, кандай шарт болбосун, абдан прагматикалуу аракет кылууда, алар өз кызыкчылыктарын унутпайт. Биз бүгүнкү күнгө чейин АКШга өзөктүк отун жеткирип жатабыз. Жана эч нерсе болгон жок – ырахат менен алышат. Эмнеге? Анткени пайдалуу. Жөнөкөй жана туура. Азаматтар», — деди Путин «Деловая Россия» жалпы россиялык коомдук уюмунун мүчөлөрү менен жолугушууда.
Анын айтымында, АКШнын экономикасы да өсүп жатат, албетте, «4,3 эмес, бирок алар үчүн абдан жакшы көрсөткүч».
Ошол эле маалда ал Европанын негизги экономикалары рецессияга учурап жатканын белгиледи.
«Биз дагы дал ошондой иш алып барышыбыз керек – ар бир кадамда прагматикалык болууга тийишпиз. Бул ишти чогуу жасаш керек: бизнес, администрация, эмгек жамааттары. Элге кулак салгыла, бул ар дайым пайдалуу. Ошондой эле өкмөт, Борбордук банк», — деп кошумчалады мамлекет башчысы.















