Москва менен Тегеран ар дайым маанилүү эл аралык маселелер боюнча, анын ичинде Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаалга байланыштуу диалог жүргүзүп келет. Бул тууралуу Владимир Путин Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУ саммитинин алкагында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушуу учурунда билдирди.
«Биз эл аралык күн тартибинин ар түрдүү аспектилери боюнча, анын ичинде Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаал боюнча тынымсыз байланышта болуп келебиз», — деди Путин.
Өз кезегинде Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Россия менен кызматташууну кеңейтүүгө жана бардык макулдашууларды ишке ашырууга тоскоол болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюуну жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.
«Мен өлкөлөрүбүздүн ортосунда жетишилген бардык макулдашуулардын ишке ашырылышын жеке көзөмөлгө алдым жана бул жолдогу туш келген тоскоолдуктарды жоюу үчүн мүмкүн болгон күч-аракетимди жумшайм», — деди Пезешкиан.
Ирандын президенти ошондой эле Кеңири стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишим күчүнө киргенден кийин эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өсөрүнө жана бардык тармактарда кызматташуу кеңейерине ишеним билдирди.
«Албетте, Иран менен ЕАЭБдин эркин соода боюнча келишими да биздин мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча түрткү болот», — деп кошумчалады ал.
















