Россиянын президенти Владимир Путин Моджтаба Хаменеини Ирандын Жогорку лидери болуп шайланышы менен куттуктаганын Кремлдин сайтында маалымдалды.
Путин Москва Тегерандын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин жана мындан ары да болорун баса белгиледи. Ошондой эле ал жаңы лидер атасынын ишин улантып, элди бириктирет деген ишенимин билдирип, ийгиликтерди каалады.
«Азыр Иран куралдуу агрессияга каршы туруштук берип жаткан учурда, бул жогорку кызматтагы ишмердигиңиз, албетте, чоң эрдикти жана жан аябастыкты талап кылат», — деп кошумчалады ал.
Ирандын шейит кеткен Жогорку лидери Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи 8-мартта Эксперттер кеңеши тарабынан Ислам Республикасынын экинчи Жогорку лидери болуп шайланган.

















