Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата Орусиянын президенти Владимир Путинден куттуктоо алды.
«Урматтуу Шавкат Миромонович, Өзбекстан Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сиздердин өлкө социалдык-экономикалык өнүгүү жолу менен ишенимдүү бара жатат, регионалдык күн тартибиндеги маанилүү маселелерди чечүүгө жигердүү катышып, дүйнөлүк аренада позициясын бекемдөөдө», — деп билдирет Кремлдин басма сөз кызматы.
Путин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мүнөзүндө экенин белгиледи. Ташкент менен Москва ар түрдүү тармактарда жигердүү кызматташып, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенишет.
«Биргелешкен күч-аракеттер менен биз конструктивдүү эки тараптуу байланыштарды – биздин дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, Борбордук Азиядагы коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ырааттуу түрдө өстүрө берерибизге ишенем», – деп кошумчалады Россиянын Президенти өзүнүн куттуктоосунда.
















