Орусия жана Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко Минскиде өткөн Биримдиктин Жогорку мамлекеттик кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында коопсуздук кепилдиктери боюнча келишимге кол коюшту.
Орусиянын башчысы бул келишим принципиалдуу мааниге ээ жана эки өлкөнүн коргонуусун камсыз кылуу боюнча өз ара союздаштык милдеттенмелерин аныктай турганын белгиледи.
«Бул келишим Орусия менен Беларустун коопсуздугун ишенимдүү коргойт жана мамлекеттерибиздин мындан аркы тынчтык жана туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзөт», – деди ал.
Өз кезегинде Беларусь лидери келишимди, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы коопсуздук концепциясын бекитүү аскердик чөйрөдө жаңы деңгээлге чыгууга жардам берерин белгиледи.
“Документ Беларус менен Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга жол бербөөгө, эгемендүүлүктү жана көз карандысыздыкты сактоого жардам берет, эң негизгиси, биздин жарандардын тынч жашоосуна кепилдик берет”, – деди Лукашенко.
Орус лидери келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн “бардык күчтөр жана каражаттар колдонулат”,- деп баса белгиледи.
Сөз Путиндин Лукашенконун орусиялык «Орешник» жаңы ракеталык комплексин Беларустун аймагына жайгаштыруу өтүнүчүн канааттандырганы жөнүндө болуп жатат. Беларуста ракеталык системаны жайгаштыруу 2025-жылдын экинчи жарымында күтүлүүдө.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин өзөктүк куралды токтотуу жаатындагы Орусиянын мамлекеттик саясатынын негиздерин бекиткен жарлыкка кол койгон. Доктринанын жаңыланган варианты өзөктүк куралды ооздуктоо иштери жүргүзүлүп жаткан мамлекеттердин жана аскердик союздардын категориясын кеңейтет.

















