Россиянын президенти Владимир Путин менен Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шара эки өлкө ортосундагы соода, гуманитардык жана саясий байланыштарды, ошондой эле Сириядагы орус аскер базаларынын абалын талкуулашат.
Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы өзүнүн расмий Telegram каналы аркылуу билдиргенин lenta.ru агенттиги жазды.
“Алар саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү орус-сирия алакаларынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулоону пландаштырууда”, – деп айтылат маалыматта.
Кремлдин билдиргенине караганда, орус жана сириялык лидерлер жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы соңку окуяларга да токтолууну көздөшүүдө.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттер менен болгон брифингде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараанын сүйлөшүүсүндө Орусиянын Сириядагы аскерий базалары темасы көтөрүлөрүн ырастап, муну маанилүү жолугушуу деп атады.
Сүйлөшүүлөр ал-Шараанын Москвага сапарынын алкагында болмокчу.
Буга чейин аль-Шараа Сирия делегациясынын башчысы катары Россияга келери айтылган.


















