Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 2025-жылдын аягына чейин Индияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Индиянын ТИМ жетекчиси Субраманьям Джайшанкар менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди, — деп жазат РИА Новости.
«Бүгүн биз ушул диалогдун алкагында боло турган иш-чараларды талкууладык. Анын ичинде президенттин быйылкы жылдын аягына чейин Индияга иш сапарын даярдоо маселесин да сүйлөштүк», — деди Лавров.
Анын айтымында, алдыдагы саммитке олуттуу документтер топтому даярдалууда.
Буга чейин Россиянын Индиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Роман Бабушкин Москва менен Нью-Делинин стратегиялык өнөктөштүгү жаңы деңгээлге чыгып жатканын белгилеп, Индия АКШнын басымына карабастан орус мунайынан баш тартпай турганын айткан.
Ошондой эле Россиянын Индиядагы элчилигинин өкүлү Нью-Дели орус мунайын арзандатылган баада алып жатканын, анткени альтернативдүү жеткирүүчү булактар дээрлик жок экенин билдирген.
Мурдараак Дональд Трамптын командасы Индияны «орус мунайынан пайда көрүүдө» деп айыптаган.



















