Президент Садыр Жапаров эртең, 21-апрелде, майрамдык айт намазга катышат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Орозо айт намазы 21-апрель, жума күнү Бишкектеги Эски аянтта окулуп, таңкы саат 06:00дө башталарын муфтияттын басма сөз кызматы билдирген.
Айт намаздын программасы:
? Саат 06:00-07:00дө – Дин аалымдарынын баяндамасы;
? Саат 07:00-07:30дө – Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
? Саат 07:30дө – Айт намаз.
Султанбаевдин айтымында, иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык баракчаларда түз чагылдырылат.
Түз эфир 07:00дө башталат.



















