Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Президент С. Жапаров  ӨКМге МИ-8 тик учагын тапшырды

  • Кыргызстан
  • 18.10.2023 09:40

Loading

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  17-октябрда,  Өзгөчө кырдаалдар министрлигине адам өмүрүн сактап калууга жана куткаруучулардын шашылыш жардам көрсөтүүсүнө багышталган МИ-8 МТВ 1 тик учагын тапшырды.

МИ-8МТВ тик учагы – жүргүнчүлөрдү ташуучу, транспорттук жана өрткө каршы варианттарында чыгарылган көп максаттуу тик учактардан. Тик учактын негизги максаты – жүк бөлүгүндө 4 тоннага чейинки салмактагы жүктөрдү ташуу, таразалоочу аппарат менен жабдылган вертолетко орнотулган тышкы кабелдик асма чоң өлчөмдөгү жүктөрдү ташууга мүмкүндүк берет. Тик учак адамдарды ташуу үчүн колдонулушу мүмкүн, ал үчүн жылытуу жана желдетүү системасы менен жабдылган жүк ташуучу кабинада 24 кишилик бүктөлүүчү отургучтары бар. Бейтаптарды ташуу үчүн кабинада 12 замбилдерди жана тиешелүү медициналык жабдууларды орнотуу үчүн түйүндөр бар. МИ-8МТВ 1 тик учагы жөнөкөй жана татаал аба ырайынын шарттарында аэродромдордон жана даярдыгы жок аянттардан күнү-түнү өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара алат.

Белгилей кетсек, тик учак 2022-жылы Россия Өкмөтүнүн өрт өчүрүүчү жана тик учак техникасын сатып алууга каражат бөлүү жөнүндө токтомунун негизинде берилип жатат. Бул документке ылайык, 20 млн АКШ доллар өлчөмүндө өрт өчүрүүчү жана тик учак техникасы түрүндө техникалык жардам көрсөтүү 2 этап менен ишке ашыруусу каралган.

Тема боюнча

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026

Биринчи этапта жалпы суммасы 8 млн долларга барабар болгон 40 өрт өчүрүүчү автоцистерна сатылып алынып, Бишкек шаарына жеткирилген болсо, экинчи этапта 12 млн АКШ долларынан ашык суммага барабар болгон МИ-8 МТВ 1 тибиндеги тик учак Бишкекке жеткирилди.

Мамлекет башчысы салтанаттуу аземдин алкагында Кыргызстанга асыл миссия менен келген Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясына ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров 2022-жылдын сентябрында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде Россиянын Президенти Владимир Путин менен жетишилген макулдашуулар тууралуу эске салды, ошондо россиялык кесиптештер Кыргызстанга 20 миллион АКШ долларлык өрткө каршы жана атайын авиациялык техника түрүндө техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырасташкан.

“Бул гуманитардык долбоордун алкагында үстүбүздөгү жылдын март айында биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 40 даана өрт өчүрүүчү автоцистерналар берилген, алар биздин өрткө каршы кызматыбызды кыйла бекемдеди жана азыркы учурда өрттү өчүрүүдө, авариялардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда ийгиликтүү колдонулууда. Бүгүн биз Сиздер менен МИ-8 тик учагын кабыл алуу-өткөрүп берүү аземинин экинчи этабынын аякташына катышып жатабыз.

МИ-8 эң заманбап авиациялык талаптарга жооп берет, издөө-куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылган, бул өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында турган милдеттерди ыкчам аткаруу үчүн абдан зарыл”, – деп белгиледи Президент.

Кыргызстан тоолуу рельефтерден жана климаттын глобалдык өзгөрүүсүнөн улам табигый кырсыктарга дуушар болуп жатканын айтып, Садыр Жапаров өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын авиациялык техникага болгон муктаждыгын белгиледи.

“Жабырлануучулардын өмүрү жана адамдардын ден соолугу куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен көз каранды. Жалпысынан алганда, биз өзгөчө кырдаал зонасында бир дагы маселе атайын авиацияны колдонбостон ийгиликтүү чечилбей турганын түшүнөбүз. Муну түшүнгөнүбүздөн өткөн жылдын июль айында биз эгемендик жылдардан бери биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен заманбап Airbus тик учактарын сатып алдык. Бүгүн бул салтанаттуу күнү Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиациялык паркы заманбап МИ-8 тик учагы менен толукталууда. Бул көп максаттуу тик учакты колдонуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиациялык издөө-куткаруу кызматына жабыркагандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатат. Жардам көрсөтүүнүн ыкчамдыгы анын натыйжалуулугунун милдеттүү шарты болуп саналат”, – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жана Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин кызматкерлерине эмгеги үчүн, Россиянын жетекчилигине Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу жана өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык потенциалын чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Россиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери боюнча министри Александр Куренковго эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча активдүү иши үчүн «Данк» орденин да тапшырды.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ӨКМС. Жапаровтик учак
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026
 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

24.07.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

12.06.2026
АКШнын аскердик тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү

АКШнын аскердик тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү

09.06.2026
С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

05.06.2026
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

04.06.2026
 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

29.05.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
213 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.