Варшава Польшанын асманын Түндүк Атлантика альянсынан коргоо кепилдиктерин албай туруп, убада кылынган МиГ-29 истребителдерин Киевге бербейт.
ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Польшанын президенти Анджей Дуда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.
Анын айтымында, Польша абсолюттук кепилдиктерге ээ болмоюнча, бийликтер учактарды Украинага бере албайт, анткени алар өлкөгө “коопсуздукту камсыз кылуу үчүн” керек.



















