Иран санкциялар калыбына келтирилген күндө да кандай гана кырдаал болбосун андан чыгуунун жолун табат, анткени Тегеран коңшу мамлекеттер менен болгон мамиледен тышкары, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ), БРИКСке жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө.
Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан билдиргенин анын администрациясынын расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.
“Ар кандай санкциялардын кайтарылышы жагымсыз болсо да, бул жолдун аягы эмес жана биз багынбайбыз… Иран ар кандай кырдаалдан чыгуу жолун табат. Биз ар кандай кырдаалдан чыгуунун жолун табабыз, айрыкча, бүгүнкү күндө коңшулары менен кеңири эки тараптуу мамилелерден тышкары, Иран аймактык жана дүйнөлүк аренада маанилүү потенциалга ээ. Мисалы, ШКУ, БРИКС жана ЕАЭБ сыяктуу уюмдардын мүчөсүбүз”, – деди Пезешкиан.
Буга чейин АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү кааларын билдирген. Бул “евроүчтүк” (Улуу Британия, Германия жана Франция) тарабынан санкцияларды кайра жандандыруу механизмин (snapback) иштетип жибербеш үчүн жасалып жатканы айтылган. Бирок Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи мындай аракеттерди негизсиз деп атап, июнь айындагы сүйлөшүүлөр маалында АКШнын Иранга каршы жасаган чабуулдарын эске салган. Мындан мурда Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи да АКШ менен сүйлөшүүлөр өлкөгө пайда алып келбей турганын, тескерисинче зыян тийгизиши мүмкүн экенин айткан.
Кун мурун Пезешкиан БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан сүйлөп жатып, Иран өзөктүк курал жасоого умтулбай турганын жана эч качан умтулбарын белгилеген. Ал эми “евроүчтүктүн” Иранга каршы эл аралык санкцияларды кайра жандандыруу аракеттерин мыйзамсыз деп атаган.
28-августта Улуу Британия, Франция жана Германия 2015-жылкы өзөктүк келишим менен жоюлган Иранга каршы санкцияларды кайра ишке киргизүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешине билдирүү жөнөтүшкөн. Андан кийин 19-сентябрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши санкцияларды калыбына келтирбөөгө багытталган резолюция долбоорун четке каккан. Натыйжада санкциялар кайра калыбына келтирилери күтүлүүдө. Бул чечим 27-сентябрдан кийин күчүнө кириши ыктымал.



















